Домой Экономика Жаңы паспорт апрелде бериле баштайт. Виза алууга жеңил болуп калат

Жаңы паспорт апрелде бериле баштайт. Виза алууга жеңил болуп калат

60

Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорту маалымат коопсуздугунун заманбап элементтери менен камсыздалган. Бул тууралуу 21-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов билдирди. Ал: “Паспорттун алгачкы үлгүлөрү келип түштү Кыргызстанга. Азыр эми биз Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте аны легализациялоо боюнча жумуштарды аткарабыз. 2021-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстандын жарандары жаңы үлгүдөгү паспорт ала баштайт”- деди

Жаңы паспорттун бир бетине Жарандык авиация боюнча эл аралык ICAO (International Civil Aviation Organization) уюмунун талаптарына жооп берүүчү атайын технология гана көрө ала турган атайын чип орнотулган. Ал чип менен чет өлкөгө виза алуу бир топ жеңилдейт.

Мамкаттоо кызматынын маалыматына караганда, жаңы паспорттун дизайнында Кыргызстандын ар бир облусунун символу болгон элементтер менен катар кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын, архитектурасынын, тарыхый эстеликтеринин сүрөтү камтылган.