Былтыр салтка айланып калган ишибизди улантып жыл аягында чыгаандарды тандаганбыз. Ошондо “Ачык сөз” гезитинин “Чыгаан ректору” катарында Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков татыктуу болгон. Ошол номинация тапшыруу аземине агайыбыз өзү келип катышып, гезиттин дарегине кыйла жылуу пикирин айткан. Жыл айланбай ошол тилегибиз орундалып, жакында биздин каарманыбыз агартуу тармагынын биринчи адамы-министри болуп дайындалды. Анткени анын батыл аракеттери, реформалык кыймылдары, менеджерлиги министрликке бап келерин айгинеледи.
Жаңы министрдин ак жолтой жолунанбы, такка отурары менен мугалимдердин айлыгы көбөйтүлдү. Айрыкча башталгыч класстардын мугалимдери кубанычка бөлөнүшүп, көйнөктөрүнө батпай турган убагы. Чыныгы элитанын өзөгүн түзгөн мугалимдердин сергек иштөөсүнө, жашоо тиричилигин жетиштүүөткөрүүсүнө эмгек акынын тийгизген таасири чоң. Ошондуктан оболу билимге сугарган, сабаттуулукту келечек муундарга үйрөткөн мугалимдерге өкмөт камкордук көрүүсү кажет. Албетте, алардын түйшүгүн жон териси аркылуу сезген, бүткүл аң-сезимдүү эмгегин агартууга чегерген, алысты көрө билген жетекчи гана бөксөлүктү толтурууга, ийгиликти бийиктетип ашырууга белсенет.
Жакында эле Ноокаттан чыккан атактуу коомдук, мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовго президенттин Указы менен КР эл баатыры жогорку наамы ыйгарылды. Баатырдын урпагы болгон министр Каныбек Исаковдун да таскагы алыска угуларына, элдин ишенимин актоого белсене киришерине үмүтүбүз зор. Жоопкерчиликти моюнга алган соң анын өтөлүнө чыгууга эрки жетерине көзүбүз жетип турат. Анда эмесе, Каныбек мырзага улуу ийгиликтерди каалап баяныбызга азырынча чекит коюп туралы?
Булак: Ачык сөз