Бишкек – сенин шаарың!
Биз сиздер менен жер шаарындагы эң кооз жана перспективдүү шаар болгон борборубуз Бишкек шаарында жашайбыз. Бишкек канчалаган туугандарыбызды ичине батырган кенен шаар. Албетте, шаарыбызды мындан да жакшы өнүктүрүш үчүн дагы да көп иштер аткарылышы керек.
“Жаңы күч – Новая сила” партиясынын ар бир талапкери шаардык кеңештен баштап башка шаар структураларынан тапталып келгендиктен, шаар көйгөйүн эң жакшы билет жана чечүүнүн жолун да жакшы өздөштөрө алышты. Бишкек шаардык кеңешинин мурунку жана азыркы төрагасы Конгантиев Кубанычбек Камбаралыевич башында турган партиянын келечеги бар. Мамлекетке өмүрүн арнаган мыкты атанын татыктуу уулу шаардык кеңештеги талаш-тартыштарды, шаардыктардын көйгөйүн жеринен мыйзамдуу чечип келгенине шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары күбө. Кубанычбек Камбаралыевич жана анын партиясынын Бишкек шаардык бюджетинин кеңейишине салымы зор.
Партиянын курамында өз кесибинин дыйкандары болгон агартуу тармагынын адистери мугалимдер, дарыгерлер, мекен намысын коргогон спортчулар жана Таалайбек Усубалиевге окшогон тажрыйбалуу талапкерлер шайлоого аттанышты. Таалайбек Усубалиев юридикалык кесиптин ээси болгондуктан кандай маселе болбосун укуктук жактан карап, эл көйгөйүн чечип келет. 2021-жылдан бери Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп турган чакта шаардыктардын бир топ социалдык маселелерин чечүүгө жардам бере алды. Дал ушундай талапкерлер келсе гана шаарыбызды оңдой алабыз.
Бишкек ички миграциянын агымынан улам чоңоюп бара жатат. Бирок борбордун айланасындагы 54 жаңы конуштун баарынын эле суу, электр жарыгы, жол, транспорт ж.б. көйгөйлөрү азыркы күнгө чейин чечилбей келет. Барган сайын борборубуздагы жашыл аймактар азайып баратканы экологияга чоң таасирин тийгизип жатат.
“Жаңы күч – Новая сила” партиясы борборубузду жашыл шаарга айлантууга, начар жана жакшы район деп бөлүштүрбөгөнгө, социалдык жана маданий объектилерди бардык шаар тургундарына жеткиликтүү кылганга бар күчүн жумшайт.
Эртеңки келечек бүгүнкү тандоодон көз каранды.
Тандоодон жаңылбаңыз урматтуу шайлоочу!
“Жаңы күч – Новая сила” партиясы №2!
“Жаңы күч – Новая сила” СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.А.Төлөбатова тарабынан төлөндү. Чыккан күнү: 2024-жылдын 28-октябры.