Домой Коом Жаңы Конституция Бектур Зулпиевдин компьютеринде даярдалганбы?

Жаңы Конституция Бектур Зулпиевдин компьютеринде даярдалганбы?

114

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн 2021-жылдын 10-январында референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Тактап айтканда, депутаттар референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатышат.

Учурдагы Конституцияга ылайык, башкы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү 80ден кем эмес депутат демилгелей алат жана ошондо гана мыйзам долбоору референдумга коюлушу мүмкүн.

Бирок мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирди.

Бир нече депутат Конституциянын жаңы долбоорун окубай эле кол коюшканын, мыйзам долбоорунун автору эмес экенин айтышты. Учурда жаңы Конституциянын автору же авторлору ачыктала элек.

Бирок Жогорку Кеңештин сайтына жүктөлгөн документ (файл) жөнүндө маалыматка караганда, документтин автору болуп Бектур Зулпиев саналат. Ал учурда Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматын ээлейт. Башкача айтканда Конституциянын жаңы долбоору Зулпиевдин компьютеринен алынып, Жогорку Кеңештин сайтына жүктөлгөн.

булак: barakelde