Домой Саясат Жансакчынын камоо саясатка айландыбы?

Жансакчынын камоо саясатка айландыбы?

34

Атамбаевди кайтарууга УКМК тарабынан бекитилип берилген жансакчы Канат Сагымбаевге 7-8- август окуялары боюнча 4 кылмыш иши козголуп, Биринчи Май райондук соту аны 26-сентябрда 8-октябрга чейин камоо тууралуу чечим чыгарган. Анын камалышына нааразы болгон айылдаштары, тактап айтканда Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын жашоочулары митингге чыгышып, Сагынбаев туура эмес камалып жатканын айтышып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен президент Жээнбековго кайрылуу жасашты.

Канат Сагымбаевдин 4 жаш баласы бар. Аялы аларды карап жаткандыктан, иштебейт. Айылдаштарынын айтымына караганда Сагымбаев үй-бүлөсүн жалгыз бакчу. Айлыгынан башка кирешеси жок экенин да айтып чыгышты.

Жээнбеков эми бул маселени калыстык менен кароого милдеттүү болуп турат. Эмнеге дегенде мамлекет үчүн жанын берип кызмат кылган кызматкерлер минтип сасык саясаттын айынан садага чабылып турса, арты кантип жакшылык болсун…

Булак: Багыт