Бишкектин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева “кызматын кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен 25-мартта камакка алынган. 27-мартта Биринчи Май райсоту Жанабаеваны 17-апрелге чейин камакта калтырууга чечим чыгаргандан кийин, 3 күндөн кийин инсульт оорусуна шектелип, ооруканага жеткирилип, инсультка эмес, психоэмоцияага алдырганы белгилүү болду. Ал кол алдында иштеген кызматкерди мурдагы дата менен иштен бошоткон деп шектелүүдө. Ал документке Жанабаева өзү эмес орун басары Нургазиев кол койгондугун айткан. Орун басар да муну мойнуна алган. Чынында Баш прокуратура бул иш үчүн Жанабаеваны камабайт эле, үй камагына коюп, дагы башкачараак чара көрмөк. Балким, “бөрк ал десе, баш алмай” саясаты орун алгандыр. Бирок, кандай болгон күндө да бул маселеде Зумрад айымга байланыштуу эл биле элек көмүскөдө жаткан дагы башка жашыруун иштер бар экендиги айтылууда. Белгилей кетсек, бул айым акыркы бир, эки жылдан бери Бишкек МАИсин жетектейт, ага чейин көп жылдар бою ИИМдин борбордук аппаратына иштеп келген. Жанабаева залкар актёр, элибиздин сыймыгы Муратбек Рыскуловдун жээн небереси болот экен. Анын ордуна азырынча Бишкек МАИсинин милдетин аткаруучу болуп, орун басары Нурбек Молдогазиев келди.