Домой Саясат Жамыл Камчиев президенттикке талапкерлигин койбосо шайлоо көркүнө чыкпай калмак…

Жамыл Камчиев президенттикке талапкерлигин койбосо шайлоо көркүнө чыкпай калмак…

97

Куудул Жамбылбек Камчиев президенттикке аттануу үчүн Борбордук шайлоого комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Сооронкулова, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Кубанычбек Касенов, Садык Шер-Нияз, Элеонора Турдубекова, Урустам Кабылбеков, Илгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президенттикке ат салышуудан баш тартканы белгилүү болду. Камчиевден тышкары салмактуу саясатчылардын бири Талант Узакбаев да президенттике талапкерлигин кое турганы маалым болду.