— Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке келгени өкмөттүн ЕАЭБдин алкагында экспорттук-импорттук мүмкүнчүлүктөр кандай болду? Адис катары бааңызды берсеңиз?
— ЕАЭБдин курамына киргенден бери биздин өлкөдө өстүрүлүп жаткан айыл чарба азык-түлүктөрүн сыртка чыгаруу чоң эле көйгөй болуп турат. Ушул убакка чейин сыртка чыккан азык-түлүк жалпы өндүрүлгөн көлөмгө салыштырсак 10% дан ашпайт. Ошондуктан, бул маселени чечиш үчүн экспорт кыла турган иштердин инфраструктурасын түзүш керек. Ошол эле эл аралык стандарттарды аныктоочу ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды, логистикалык борборлорду ж.б. толгон-токой маселелерди чечиш керек. Мына ЕАЭБдин курамына киргенибизге 2 жылдын жүзү болуп баратат. Ачык айтканда бул биримдикке бизди шаштырып киргизген мурдагы премьер-министрлердин бири болгон. Ал киши өзүн көрсөтөйүн дедиби, айтор, “шашкан шайтандын иши” дегендей, даярданбай туруп ЕАЭБге кирип кеттик да. Ошол шашканыбыздын да азабын тарттык. buy viagra in calgary.
Андан кийин премьер-министр болгон Сооронбай Жээнбековдун кызматка келгенине 1 жылдан ашты. Жээнбековдун өкмөттү жетектей башташы менен жылыштар бар. Муну ачык айтышыбыз керек. Анткени, кантсе да Сооронбай Жээнбеков өзү инженер-зоотехник, айыл чарба адиси да. Премьер-министрликке келээри менен Сооронбай Жээнбеков бул жааттагы баардык иштерди колуна алып, бул жаатта бир топ жылыштар болуп жатат. Албетте, баары чечилип калды деп айта албайбыз, ага дагы убакыт керек, бирок, алдыга карай жылыштар бар. Мисалы, мурдагы премьер-министр “бизде каражат жок” деп оозун ачып отура берсе, Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн ишин колго алаар замат тияк-биякка карабастан мамлекеттик казынадан миллиондогон сомдорду ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууга жумшады дагы, алардын алды азыр кадимкидей иштей баштады. Азыр бизде болгону эл аралык стандартка туура келген Бишкек жана Ошто ветеринардык 2 гана лаборатория бар. Бизге эң кеминде мындай лабораториялардын 15-20 сы керек. Ушундай лабораторияларды куруш үчүн өкмөт башчы катары Жээнбеков мамлекеттик казынадан 40-50 миллиондой сом бөлүп, азыр Кара-Буура, Түп баштаган аймактарда ошол лабораториялар курулуп, бүткөнү калды.
— Мындай лабораториялардын имаратын курганы менен иш жүрбөй жаткан жокпу? Маанилүүсү ошол да…
— Абдан туура. Мындай лабораторияларды курганыбыз менен ага керектүү жабдуулар керек. Кыргыз өкмөтү ошондой жабдыктардын баарын алууга сырттан каражат издеп, аракет кылып жатат. Экинчиден, Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгенден кийин Казакстан биздин өлкөгө ЕАЭБдин иш-аракеттерин колдоо максатында бере турган 100 млн доллар тездетилип, азыр иш чечилди. Себеби, мындан туура 2 жыл мурун Казакстан бизге өздөрү 100 млн доллар каражатты ЕАЭБдин алкагындагы иштерге колдоо көргөзөөрүн айтып, бирок, акчаны убагында бөлбөй, иш кечеңдеп келген. Өкмөт башчы катары Жээнбеков бул маселени дагы Еврокомиссиянын жыйынына коюп жатып, акыры бул иштерди Казакстандын парламенти бекитип, бизге тийиштүү лабораторияларды куруш үчүн Казакстан бизге 100 млн доллар бөлдү. Бул аябагандай чоң акча. Бул дагы болсо өкмөт башчынын эмгеги экенин баса белгилеп айтуу керек. Үчүнчүдөн, бизде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду деген бар эмеспи. Ал жерде 500 млн доллар жатат. Мына ушул каражатты ушул убакка чейин айыл чарба тармагына бербей келишкен. Негизи бул каражатты орус бийлиги кыргыз тарапка ЕАЭБдин курамына киргендиги үчүн деп бергенине карабай, булар башка максатта пайдаланып жатышкан. Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгени айыл чарба адиси катары бул таалуу маселени кабыргасынан коюп, иш буюрса алдыга карай жылды. Өткөн жылы биздин дыйкандардын өндүргөн кант кызылчасынын түшүмү мол болуп, заводдор кабыл албай, алды чирип кетпедиби? Былтыркыдай терс көрүнүш болбош үчүн быйыл Сокулуктагы “Кошой” деген экинчи кант заводубузду ишке киргизип, дыйкандар өстүргөн кызылчаны толугу менен кабыл алып, элди кумшекер менен камсыз кылыш үчүн дал ушул Сооронбай Жээнбеков киришип жатып, жогоруда мен айткан Орус-Кыргыз фондунан 10 млн доллар бөлүп, азыр завод буюрса даярдалып жатат. Кудай буюрса, Сокулуктагы “Кошой” заводу үстүбүздөгү жылдын октябрь айына чейин ишке кирип калса, анда биз өстүрүп жаткан кызылчанын баардыгы экспортко өтөт дагы, биз өзүбүздү кант менен камсыз кылуу жагыбыз кадимкидей жакшырат. Ушуга окшогон маселелердин баардыгын Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн башына келгени колго алып, ишти жандандырып, ЕАЭБге киргенден кийинки көйгөйлөрүбүздү четинен чечкүндүү түрдө чечип жатат десек болот. Эми кеп биздин айыл чарба жана экономика министрликтери менен ветеринардык инспекция баштаган тиешелүү кызматтарда калды. Эгерде булар ишти тыңгылыктуу тарта албаса, Сооронбай Жээнбековдун мээнетин артка тартпай, анда кызматтарынан кетүүлөрү керек. Өкмөт башчынын ишине көлөкө бергендей болбой. Эмки кептин баары ушуларда. Анткени, биздин мындан аркы келечегибиз ЕАЭБге байланышып, тагдырыбыз ушулар менен бир болуп калды да. Андыктан, айыл чарба министрлиги баштаган жогорудагы мен атаган тиешелүү кызматтар мындан аркы зор милдеттерин түшүнө билүүлөрү керек.