acheter cialis 20 mg. Казакстан 4 күндөн бери чек арасын жаап, анын натыйжасында ишкерлер, карапайым калк жабыр тартууда. Казак тараптын бул аракети ЕврАзЭСтин шарттарына туура келеби?
— Биз аталган уюмга киргенден тарта эле Казакстан тоскоолдук кылып келе жатат. Керек болсо ушул кезге чейин чек арадагы ветеринардык көзөмөл алынбады. Аны же конкреттүү жүйөлөр менен түшүндүрбөйт. Сөз жүзүндө казак-кыргыз бир тууган дегени менен ишке келгенде кыянатчылык кылууда. ЕврАзЭСте Экономикалык комиссия деген бар. Биз ошол жакка маселени кабыргасынан коюшубуз керек. Акылга сыйбаган мындай жапайычылыкты качан токтотот алар? Быйылкы жылы уюмга биз төрагабыз жана андан пайдалануу менен тоскоолдуктарды чечишибиз керек. Качанга чейин казактар бут тосот? Эгер чек араны ачпаса уюмга мүчө болуп эмне кереги бар? Мурдагыдай эле Батыш, Европа менен мамилени бекемдегенге өтүш керек. Казактарсыз деле биздин турмуш өтөт.
— Казак тараптын бул аракети президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө байланыштуу болуп жаткан жокпу?
— Казакстан 2010-жылы Курманбек Бакиевди колдоп, аны кууп чыккандардан өч алыш үчүн да 1,5 ай чек араны жапкан. Аягында өздөрүндө жашылча-жемиштер кымбаттап, эли нааразы болгондо ачууга аргасыз болгон. Азыр деле казактар азап тартып жатат. Алматы тарапта биздин азык-түлүктөргө эли муктаж.
Ал эми эки саясатчынын жеке пикир келишпестигинен эл жапа чекпеши керек. Назарбаев элди кыйнабай Атамбаев менен өз ара чечишип алсын.
— Казакстан чек араны ачпай көгөрө берсе биз тараптан кандай кадамдар жасалышы керек?
— Казактар качанга чейин бизге бут тосот? Алар чек араны ачпаса Кыргызстандын ЕврАзЭСте мүчө болуп кереги барбы? Биз ушул маселени кабыргасынан коюшубуз керек. Уюмдагы мамлекеттердин баарынын укуктары бирдей экенин эске алганда казактардын кылганы акылга сыйбаган көрүнүш. Булар ушундай аракетин токтотпосо уюмдан чыгуу тууралуу маселе кабыргасынан коюлушу кажет. Ошондо Россия, Беларусия ойгонот.