Домой Саясат Жамангулов: » Кеңешчим болуп дайындалды» десе, Жунусбеков: «Бул жалган маалымат»- деп четке...

Жамангулов: » Кеңешчим болуп дайындалды» десе, Жунусбеков: «Бул жалган маалымат»- деп четке какты

382

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү, жарандык активист Төрөхан Жунусбеков «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалганын  ЖМКларга  «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангулов ырастады.

Бирок, кызыгы  Төрөхан Жунусбеков бул кызматка дайындалбаганын, азыр президенттик шайлоого байланыштуу иштер менен алектенип жүргөнүн билдирген. Ал бул боюнча: «Бул жалган маалымат. Биз шайлоого байланыштуу Талас облусу боюнча иштеп атабыз. Бирөөлөр ушундай маалымат чыгарышыптыр», – деген.

Жунусбеков Бишкекке мэр болом деп жутунган абициясы аттын башындай активистердин бири катары элге маалым.