Домой Коом Жаман эле дей бербей, жакшыны да айта жүрөлү

Жаман эле дей бербей, жакшыны да айта жүрөлү

47

Акыркы бир жумадан бери аты жаман илдет  коронавирус-пневмониядан каза тапкан жарандардын саны азайып, илдетти жуктургандар четинен сакайышууда. Жаман эле дей бербей жакшыны да айта жүрөлү. Кыйынчылыктан чыгууга албетте эң биринчиден медиктер менен ыктыярчылардын эмгеги зор. Ошону менен катар, өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун да эмгегин жокко чыгарбашыбыз керек. Бу киши да колдон келген аракетин көрүп жатты. Жетишсиз дары-дармектер менен камсыздоо жагын колго алып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында сырттан бир топ жардамдар тартылганы ырас. Мындан аркы аракеттери да натыйжалуу болуп, бардык жагдайларга даяр туруу керек. Күздө кандай болот, ахыбал оорлоп да кетиши мүмкүн. Ошол себептүү, ооруканаларды, күндүзгү-түнкү стационарларды даярдап туруу абзел. Аман-эсен ушул илдеттен кутулуп алсак, күнөөлүүлөрдү териштирип алууга да убакыт келээр…

Булак: Oper.kg