Домой Кылмыш Жалпы баасы 900 миң сомдон ашык товарды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду

Жалпы баасы 900 миң сомдон ашык товарды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду

42

«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери жалпы баасы 900 миң сомдон ашык балдар кийимдерин контрабандалык жол менен алып өтүүнү аныкташты.

«Оперативдүү» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Ички териштирүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныкташкан.

Ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө «Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайынын жанында салмагы 25-30 кг 27 таңгак санында контрабандалык балдар кийимдеринин ассортименти товары сакталган жер табылган.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн корутундусуна ылайык, кармалган товардын жалпы баасы 901 200 сомду түзгөн.

Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес, анын ээси Кыргыз Республикасынын жараны «А.Д.А. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) болгон.

Жагдайлар такталып, маселе негизи боюнча чечилгенге чейин жогорудагы товарлар Ош шаарындагы БИ МИнин аймагына жайгаштырылган.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.