Австралиялыктар жалкоо саякатчылар үчүн атайын пальто-чемодан тигишти. Чемоданга 2 ноутбук, планшет, туфли, көп кийимдер батат.
Мындай чемоданды Juice Promotions Australia компаниясынын дизайнерлери тигип чыгышты. Кичинекей чемоданда 14 чөнтөк бар. Эгерде саякаттап барган жерден бир нерсе ала келем деген болсоӊуз, куру чемоданды сүйрөбөй, аны бүктөп сумка кылып көтөрүп алсаӊыз болот. Андан кийин ичине ала турган нерселериӊизди салып кайра учуп келе бересиз. Чемоданда темирлер да аз, ошондуктан лайнерге өзүӊүз менен кошо чемоданды алып кирсеӊиз да болот.