Домой Саясат Жалгызсыраган, томсоргон Геннадий Павлюк

Жалгызсыраган, томсоргон Геннадий Павлюк

19

Мындан үч жыл мурда журналисттердин күнүндө дайыма Геннадий Павлюктун айкелине барып, гүлчамбарларды койчубуз. Анткени Бакиевдин башкаруусу учурунда өлүмгө туш болгон журналистке таазим кылууга милдеттүү элек. Тилекке каршы акыркы мезгилде ошол традицияны унутуп бараткандайбыз. Негедир ак үйдүн маалыматты башкарган атка минерлери Павлюкту эстеринен чыгарып салышканы ойго салат. Кепти убагында айтып койбосок биздин атуулдугубуз сокур тыйынга арзыбайт. Томсоргон, жалгызсыраган Павлюктун айкелинин алды суз тартып, анын кандай кордук көрүп өлгөнүнө кайдыгер тартып калганыбыз эмнеликтен? Же баарыбыздан эле акыйкаттык, калыс кеп чыкпай калдыбы?

Булак: Ачык сөз