Домой Саясат Жалганчы жалаакорлор

Жалганчы жалаакорлор

109

cialis 2.5 mg daily. 1031782926

“Калптын казанын кайнатам” дегендер четтен эле чыкпай, чектен да чыга башташты. “Голос Бишкека” деген бир дайыны жок сайт “Атамбаевдин кулаган учакка тийешеси тууралуу” деген бир жалган маалыматты таратты. Алардын айтымында Adimlardergisi.com аттуу түрк сайты Түркиянын улуттук чалгындоо уюмунун 2017 жылдын январь айында Бишкекте кулаган Боинг тууралуу жашыруун маалыматын жарыялаган имиш. Алардын ою боюнча А.Атамбаев расмий сапар менен кытайга барганда Гонконгго 10 күн жоголуп кетип, ири суммадагы заказды берип, ал ишти АКШда жашаган бир түрк жаранына табыштаган экен. Учакта 86 тонналык, жалпы суммасы 250 млн долларды чапчыган телефон, компьютер, алтын, кымбат таштар, баалуу темирлер жана бир нече млн евро болгон имиш. Учак “Манас” аэропортуна май куйуу үчүн конгондо, болгон товар түшүрүлүп, Стамбулга бош бойдон учуп кетмек экен. Бул тууралуу түрк чалгынчылары президенти Эрдоганга билдирген имиш.

Кудайды карап калп айтышпайбы. Эгер эле алар айткандай болсо, А.Атамбаев менен Эрдогандын мамилеси муздап, кайым айтышып турган маалда “жарк” этип чыгат эле го бу маалымат. Бүгүнкү күндө деле эгер чындыкка кенедей жакындыгы болсо, баштуу-көздүү маалымат борборлору баса калып жарыялайт эле да.

Жалгандан куралган маалыматтын этегинде бажыкана башчысынын орун басарлыгынан кубулган “Райым-миллионду” мисалга тартып, ошол бирдеме айтып береби деп үмүт кылышканы байкалат. Ал шордуу болсо, мурда бир жакта жүргөнсүп кеткен өкмөт башчысын сотко берип, кайра ордума келип каламбы деген кыял менен жүрөт. “Райым миллион” болгону аз  келгенсип, эми “Райым-миллиард” болоюн деп жатса керек да.

“Жумурткадан кыр чыгарып” көнгөн айрым жазмакерлерибиз журт кайгысынан, элибиз кан жуткан каргашалуу окуядан саясат жасабай эле коюшса болмок. Алиге чейин канчалаган үй-бүлө азадан башы чыкпай, кайгынын зарын тартып олтурат. Ар нерсенин, ээн ооздуктун да чеги болот. Ушундай чындыктан ат чабым алыс, чагымчыл маалыматтарды тараткандарга атайын кызмат өкүлдөрү тийешелүү чараларды көрүшү керек. Аларды ушунчасында тизгиндебесе, эртеңки күнү элди эмне балакетке киргизип жиберерин бир кудайдын өзү билет.

А.Атамбаев ал кырсык болору менен өкмөткө тыкыр тапшырмаларды берип, күнү –түнү менен иштетип, жабыркагандардын жакындарын кабыл алып, көңүл айтып, мамлекет тарабынан колдон келген жардамдын баарын бергенин көздөрү кашайып эле калбаса, көрүшпөдү беле.