Жалдагы мушташ боюнча кармалган шектүүлөрдүн агасы, ИИМдин мурунку кызматкери КазыбекБапышов 10-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 12-сентябрда Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Бапышев 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташорун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган.