Касым Рахманкулов аттуу журналист Баткендин губернатору Акрам Мадумаровдун мугалимдерди эмне үчүн галстугу жок жүрөсүңөр деп жемелегенин сындап чыкты. Ал “башын ылдый салып турган мугалимдердин жүзүн карай албай мен бул жакта туруп уялдым, көзүмдү ылдый салдым”, -дейт. Анын жазгандары толугу менен төмөндө:
“Менин апам өмүр бою жарыбаган айлык алып, мугалим болуп иштеди. Бирок мектептин суугуна, айлыктын аздыгына, мамлекеттин кедейлигине карабай элдин балдарына билим берип, сүйгөн ишине өмүрүн арнап, ак эмгек кылып келди.
Кечээ болсо Баткендин чиренген “бийи” Акрам Мадумаров атасы менен тең карапайым мугалимдерди тизип алып, “безгалстук” жүрөсүңөр деп кубарынын өчү бардай зекигенин көрүп жаным кашайды, ыйлагым келди. Башын ылдый салып турган мугалимдердин жүзүн карай албай мен бул жакта туруп уялдым, көзүмдү ылдый салдым.
Бул бийлик өз күчүн алсыз мугалимдерден, жооп кайтара албаган карапайым жарандардан гана чыгарганды билеби?! Эң даражалуу кесиптин ээлерин анча зекигендей губернатордун кандай укугу бар? Же мектепте жалаң “экиге” окуп, мугалимдерге бир кеги барбы?
Мамлекет мугалимдердин таманын өөп, кошомат кылып иштетиши керек. Туңгуюкка кептелген өлкөнү дагы да болсо жаштарга болгон билимин, таалим-тарбиясын берип мына ушул мугалимдер сактап калат”!
Ошондой эле, ал “саясатчылар, бириң өрүк бириң тал, бириңерди бириңер каалашынча боктоп жата бергиле. Тойгончо уурдап, өлгөнчө актангыла, бирок мугалимдерге тийишпегиле! Мугалимдерди сыйлагыла, сөз тийгизбегиле, чаң жугузбагыла! Колдон келсе колдогула. Бирок эч качан таарынтып, көңүлүн сындырбагыла», – деп жазган.
Эске салсак, кечээ, 23-январда, интернет желесинде Баткен облусунун губернатору, тактап айтканда, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя шаарындагы жогорку окуу жайга барып, мугалимдерди зекигени талкуу болгон.
Видеодо, губернатордун “Бишкек, Ошко салыштырып жатабыз. Эмне үчүн бизде ошондой шарттарды түзө албайбыз?” – деп “баары келип эле каражатка такалып жатат” деген мугалимдерди катуу зекигенин көрүүгө болот.
Ошондой эле ал, “биринчи адам өзүнөн башташ керек. Мына, силер баарыңар мугалимсиңер, бирөөңдө да галстук жок. Эмне үчүн безгалстук жүрөсүңөр? Мына, ректоруңар костюм-шымчан, галстукчан жүрөт. Минтсеңер кантип үлгү көрсөтөсүңөр?”, – деген.
Интернет колдонуучулар губернатордун бул кылыгына “Галстукту урганың барбы, чек араны чечпейсиңби”, “Жөн барган жок да, алдыда шайлоо”, “Галстук таккандар эле үлгү болобу”, “Лукашенконун видеолорун көрүп, туурап атат окшойт”, – деп жазып жатышат.
Булак: БарсМедиа.кж