Домой Саясат Жалал-Абаддын мэри коронавирус жугузуп алды

Жалал-Абаддын мэри коронавирус жугузуп алды

390

Калаа башчысынан COVID-19 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырып, азыр жыйынтыгын күтүп жатышат.

Мекемеден кабарлашкандай, мэрияда иш ыргагы токтогон жок жана кандай тартип колдонулары эми белгилүү болот.

18-июнда шаардык кеңеште 18 депутаттын катышуусунда жаңы төраганы шайлоо өтүп, ага шаар башчысы катышкан эмес.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 19-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 132 адамдан жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Натыйжада 19-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны Кыргызстанда 2789 адамга жетти. Акыркы суткада Бишкекте вирус жуктуруп алган 67 жаштагы эркек киши каза тапты. Ушуну менен илдеттен көз жумгандардын саны 32 болду.

Булак: Азаттык