Домой Коом Жалал-Абадда миң доллар пара талап кылган милиция кызматкери кармалды (сүрөт)

Жалал-Абадда миң доллар пара талап кылган милиция кызматкери кармалды (сүрөт)

31

Жалал-Абадда миң доллар пара талап кылган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-ноябрда УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы пара алып жаткан милиция кызматкерин кармашкан.  Анда Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын А.Б. аттуу кызматкери кылмышка шектүү адамдын жакын тууганына козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 1000 доллар талап кылган. Ал аталган адамдан 30 миң сом акча алып жатканда кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (Пара талап кылуу) негизинде иш козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.