Домой Саясат Жактоочу: “Улукбек Өмүрзаков мамлекетке 20 миллион сом төлөгөн эмес”

Жактоочу: “Улукбек Өмүрзаков мамлекетке 20 миллион сом төлөгөн эмес”

415

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси Улукбек Өмүрзаков мамлекетке 20 миллион сом төлөгөн эмес.

Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Жактоочунун айтымында, 20 миллион сомду кармалган башка шектүүлөр төлөгөн. “Улукбек Өмүрзаков күнөөсүн эч кандай моюнга алган жок. Ал ошондой эле тергөө менен кызматташууга дагы макул болгон эмес. УКМКнын Өмүрзаков 20 миллион сом төлөдү деген маалыматы туура эмес. Ошондой эле ал прокуратура органынан өзүнүн каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал эми башка кармалган шектүүлөрдүн үй камагына чыккан, чыкпаганын билбейм”, – деди Айткулов.

Буга чейин УКМК эки айга камакка алынган Улукбек Өмүрзаков мамлекетке 20 миллион сом төлөгөндүгүнө байланыштуу үй камагына чыгарылганын билдирген. Ошондой эле маалыматта “тергөөдө кармалган адамдар “Жолчырак” ЖЧКсынын көмүр кенинин аймагындагы мыйзамсыз көмүр казууга катыштыгы бар экендиги далилденди” деп жазылган эле.