Домой Коом Жакшылык Матанов: Качан адам болобуз?..

Жакшылык Матанов: Качан адам болобуз?..

130

Борборубузда болуп жаткан акыркы окуялар коомубузда ар кыл талкууларды жаратууда. Бири феминисттерди колдосо аларга каршы чыккандар да көбүнесе. Мамлекетибиздеги учурдагы кырдаал коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Кыргыздар кыргыз бойдон калсак, өзүбүздүн идеологияббызды унутуп өзгөнүн идеологиясын туу тутунуп ээрчип кетпесек деген ой менен журналист Жакшылык Матанов өзүнүн баракчасына төмөнкү пикирин жазып чыкты.

“Баардык митинг-пикеттерге каршымын!

Бирок мамлекет башындагылар дагы ойлонуп иш кылышы керек!

Биздин коом аял-эркек, динчил-динсиз, мусулман-теңирчи, түндүк-түштүк, гейлер-лезбилер, батышчыл-чыгышчыл, гуленчи-эрдоганчы деги койчу эмнелерге гана бөлүнүшпөйт!

Кана,каякта биздин улуттук идеялогиябыз? Каякта биздин ынтымагыбыз? Каякта биздин биримдигибиз?

Биздин эртеңки муун эмне болот? Биздин келечек кандай болот?

Мамлекетибиздин абалы ушулбу? Кана бизге акыл айта турчулар? Сакалчан молдолорбу, батыштын долларына сугарылган НПОлорбу же өзүн кудай сезген Арстан Алайбы? Айткылачы кимдер?

Чаржайыт мамлекет, ээн баш жаштар, тарбиясыз, жатынын өзү билген эжелер, коррупцияга баткан “ШАБАШНИК” улуу муун, сабатсыз мамлекеттик кызматкерлер, бандиттен айырмасы жок укук коргоочулар, курсагы чоң-мээси жок депутаттар, аксаган максаты жок коом!

Деги койчу айтсан жан дүйнөң кыйналат.

Качан биз оңолобуз? Качан БИР максаттын артынан жүгүрөбүз? Качан адам болобуз?”

Булак: Багыт