Негизи ушул макалдын чындыгы бар. Кайсыл падышанын жанында акылман, адилет, элге күйгөн увазири болсо ошол жерде ынтымак-ырашкердик орнойт. Анын сыңарындай өзүмчүлдүк сапаты жок, карапайым элине камкордук көргөн жетекчи ириде мыкты орун басарларды, адистерди топтоп өндүрүштү алгалатууга жан үрөйт. Кийинки кезде “Северэлектродо” мурдагыдай тажаткан асылууларды укпай калышты. Арийне, кээ бир убакта майда-чүйдө кемчиликтер жолуга калат. Аны тез арада четтетүүгө буларда шарт бар. Ошондуктан Искендер Кадыркуловдун жетекчилиги аркылуу жакшы ийгиликтер жаралууда. Командасы улам татыктуу кадрлар менен толукталууда. Бул жакшы жышаан десек болот.
Ал эми абдан жоопкерчиликтүү тармакты мойнуна алган деректирдин орун басары Азамат Мамбетжановдун ролу бул жерде канчалык экенин терең сүңгүп киргенде гана билесиң. Кыйладан бери ээрден түшпөй өндүрүштүн аки-чүкүсүн көзгө сайып көрсөтүп, авариялык абалды көпкө узартпай келаткан бул мырзанын тармактагы ордун айтып коюга неге болбосун? Эң оболу ал өз ишин кылдат өздөштүргөндүгүүчүн катаал кезде тикесинен тик туруп ошол жайдагы тескериленген кырсыкты оң абалга келтирүүгө көмөгүн көрсөтөт. Мындай мисалдар анын турмушунда көп эле кездешти. Топтолгон тажрыйбасын жаштарга үйрөтүүдөн тайсалдабаган, элге зарыл болгон жарык менен жылуулукту үзгүлтүккө учуратууга жол бербеген бул адисти ушундай асыл сапаттары үчүн кадырлашат. Айрыкча өтө опурталдуу кезде Азаматтын кеңеши, жардамы сөзсүз колдонулат. Адамкерчиликтүү мамилеси, жөнөкөйлүгү, иш билгилиги менен купулга толгон Мамбетжановдун көөнөргүс тажрыйбаларын бөлүшүүгө жаштар айрыкча куштар. Арийне, сөз удулу келгенде бул адамдын ийгиликке жетишкен сырларын кеңири чагылдырууга аракет кыларбыз. Азырынча сөзүбүздү ушуну менен кыскарта туралы.
Ж.Улукшер
Булак: “Ачык сөз”