Мен чарчадым, мына мындан чарчадым:
Өз милдетин унутуп, эч нерсеге башы оорубай, ичип-жеп алып бейкапар уктаган күйөөдөн чарчадым.
Уулунун ким экенин көрбөй эле, күнөөнүн баарын аялга оодарган, “аял жакшы-эр жакшы” деген, калыстыгы жок кайын энеден чарчадым.
Ынтымагы ыдыраган, бирин-бири кошуначалык сыйлабаган күйөөмдүн туугандарынан чарчадым.
Ичип алып адам эмес, айбан кейпин кийген, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан, деңгээли төмөн чөйрөдөн чарчадым.
Адамдык сапаты иттен пас, эки буттуу “адам” аттуулардан чарчадым.
Аялдарча намысы жок, майда эркектерден чарчадым.
Турмуштун оор жүгүн айласыздан көтөргөн, баланын, үйдүн түйшүгүн сүйрөгөн, караңгы, ичкич, жалкоо, кызганчаак күйөөлөрүнө чыдаган, сүймөк турсун жадап, кутула албай, “артка жол жок” деп балдары үчүн чыдаган аялдардан чарчадым.
Каалаган кийимине жете албай, “балам кийсин, мен кайда бармак элем, мага боло берет” деп өзүн артка таштап, гүлдөй өмүрүн күңдүн күнүнө теңеп жашаган өзүмдөн чарчадым.
Жаштыгымды көз жашыма жуугандан, өзүмдү сабыр менен алдагандан чарчадым.
Аял экенимди, назик жан экенимди унутуп, жан дүйнөм жанчылып турса да, жылмайган беткап кийгенден чарчадым.
Баарына көз жумгандан, өзүмө-өзүм жардам бере албаган, өзгөртө албаган бечералыгымдан чарчадым.
Балдарыма кыялындагы жашоосун бере албай, нары карап ыйлап, бери карап күлгөндөн чарчадым.
Кыйналганымды, азаптанганымды ата-энеме, дос-тууганыма айта албай, “менде баары жакшы”дегенден чарчадым.
Жанымы сыздатып, азыр ажалдын чеңгелине салып берчүдөй болгон оорудан чарчадым.
Чыдап, “шүгүр” дешим керек деп алдангандан чарчадым.
“Жакшы аял күйөөсүнүн жаманын жашырат” дейсиңер. А мен жашыргандан чарчадым.
Мен баарынан чарчадым…
Булак: Ынтымак