Домой Коом Жайыттар- жалпы элдин энчиси

Жайыттар- жалпы элдин энчиси

531

Кыргыз эли илгертеден мал чарбасы менен оокат-тиричилик өткөрүп келгени жалпыбызга маалым. Ал эми мал чарбачылыгын ийгиликтүү күтүү үчүн күрдүү жайыттар керектиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Кийинки мезгилде, кудайдын кулагы сүйүнсүн, элибиздин жашоо-тирлиги бир кыйла оңолуп, айыл-аймактарда төрт түлүк малдын башы уламдан улам өсүп баратат. Бул жакшы деңизчи, бирок, мындай жагдай айрым учурда эл ичинде көйгөйлөрдү жаратып, ынтымак-ырашкерликке доо кетирип койгон учурлар да болууда.

Алсак, жакында эле Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын малчылары өлкөбүздөгү жайыттарды чогуу пайдалануу боюнча кабыл алынган эрежелерге, атап айтсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы №644 токтомуна карата өз нааразычылыктарын билдирип чыгышты.

Малчылардын дооматынын түпкү мааниси төмөнкүдөй: Жерге-Тал айыл аймагына тиешелүү Кум-Бел жайлоосунан 6288 га жайыт Кочкор районунун малчыларына узак мөөнөткө пайдаланууга берилген. Мына ушул жайыт аянттары Жерге-Тал айыл аймагынын малчыларында калсын деп жатышат.

Албетте, КР Өкмөтү аталган токтомду чыгарганда элдин ортосуна жик салып, эки аймактын калкын бири-бирине каршы коюп, чыр-чатактын отун тутандырууну көздөбөгөнү, тескерисинче, колдо бар байлыкты – жайыттарды оптималдуу колдонуу максатын башкы орунга койгону айдан ачык. Маселе башкада, Кум-Бел жайлоосу бизге тиешелүү деген айыл аймагынын малчылары тар кызыкчылыкты көздөп, ачыгын айтканда кан жолго чукул олтуруп, өндүргөн азык-түлүгүн сатууну максат кылып, токтомдун жоболоруна каршы чыгып жатышкандыгында.

Ал эми байыртан калган төрт түлүк мал күтүү эрежелери дегеле мындайды жактабайт. Илгерки каада боюнча кыргыздар жылы бою малдын башын чыгашасыз, эттүү кармоо үчүн жаздоодон жайлоого, жайлоодон күздөөгө, күздөөдөн кыштоого тынымсыз журт которуп көчүп жүрүшкөн. Мал чарбасын ушундай калыпта жүргүзүүнүн өз мыйзам ченемдүүлүгү болгон. Керек болсо бир конгон жеринде жарым айдан ашык отурган эмес. Сары такырга айлантпай, бок-жинге толтурбай, жарым айда бир журт которуп кетишкен. Советтик мезгилде да ата-бабадан калган ушул ыкма күрдөөлдүү колдонулуп, малчылар жаз, жай, күз бою, кыштоого түшкөнчө тынымсыз көчүп, төрт түлүк малын жакшы асыроого жетишкен.

Кыскача жыйынтыктай турган болсок, Жерге-Тал айыл аймагынын малчылары өздөрүнүн тар кызыкчылыгынан алысты көрө албай жатышат. Алар КР Өкмөтү баарын салмактап көрүп чыгарган токтомго баш ийүүсү абзел. Анткени, аталган токтомдун мыйзамдуу күчү бар. Ал 2030-жылга чейин иштейт.

Келечекте мындай чыр-чатактардын алдын алуу үчүн ата-бабалардан калган ыкманы – тынымсыз журт которуп төрт түлүк малды асыроо ыкмасын бардык жерлерде, аймактарда, айылдарда мыйзам катары колдонууга киргизүү, ал үчүн ар бир айыл аймагынын малчыларынын – жарым ай сайын дебейли, ай сайын журт которуп көчүү маршруттарын иштеп чыгып бекитүүнү, мына ошол маршрутка ылайык мал жайбагандарга чоң жазапулдарды салууну сунуштоого болот. Анан дагы бир маселе, кан жолдун боюна конууга таптакыр тыюу салуу керек. Антпесе азыр кандай, Ак-Сайгабы, Арпагабы,  Кум-Белгеби, Соң-Көлгөбү же башка жайлоолор болобу, жай мезгилинин башында бир көчүп барышат дагы, журту сары такыр болгуча, күлгө-кыкка, таштандыга толгуча, күзгө чейин былк этпей отура беришет. Муну менен кылымдар бою эл кызматын кылган жайлоолордун ишпалдасын чыгарып талкалап жатышат. Жайы бою бир белин жазып эс албаган жайлоонун кунары качат, кийинки жылдары жарытылуу чөп чыкпайт. Ал эми кийинки муундарга, урпактарга – эмне мурас калтырабыз, жайыттардын, жайлоолордун келечек тагдыры эмне болот, ойлонгон бир жан жок.

Сөздүн акырында жалпы кыргыз элин – нарындыкты да, кочкорлукту да, жумгалдыкты да ж.б. – дегеле баарын – жалпы элдик байлык болгон жайыттарды орундуу колдонууга жана кокту-колот саясатын кылып чыр-чатак чыгарбоого чакырабыз.