Колдогу жагымсыз жытты (балык, сарымсак ж.б.) колго туз сүртүү, андан кийин аны самындап жууп коюу менен кетирүүгө болот.
* * *
Ооздогу сарымсактын жагымсыз жытын петрушка чөбүн чайноо менен кетирсе болот.
* * *
Көмөч казан менен кастрюлдагы балыктын жытын кетирүү үчүн аларды ысытылган туз менен менен сүртүп, андан кийин чайкап коюш керек.
* * *
Ашкана тактайындагы, идиш-аяктардагы пияздын жытын кургак туз менен сүртүп кетирет.
* * *
Ашканадагы жагымсыз жыттан арылуу үчүн үстү ачык идиште уксус кошулган сууну бир нече мүнөт кайнатып туруп, терезелерди ачып коюу керек. Ошондой эле ысык плитага апельсин, лимон кабыгын же бир аз туз сээп да ашкана жытын оўдоого мүмкүн.
* * *
Ысык плитага төгүлгөн ташыган сүттүн жытын кетирүү үчүн ал жерге туздан сээп, анын үстүнөн сууланган кагаз жаап коёт – ошондо күйгөн сүттүн жыты башка бөлмөлөргө кирбейт.
* * *
Бөлмөлөрдөгү жаўы боёктун жытын кетирүү үчүн бир баш сарымсакты эзип туруп бөлмөгө коюп коюу керек.
* * *
Бөлмөдөгү тамекинин жыты терезелерди ачкан күндө да жакшы кетпейт. Анүчүн терезелерди ачып туруп, бөлмөнүн 2-3 жерине сууланган сүлгүлөрдү коюп койсо алар тамекинин жытын өзүнө сиўирип алат. Ошондой эле андай бөлмөдө шам жагып койсо да тамекинин жыты жоголот.
Аида МУСАЕВА