Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коомдук кеңеши жабык жайларда Covid-19 илдетин алдын алуу иштер кандай жүрүп жатканы менен таанышып чыкты.
Алар Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан №31 мекемесинде, Степное айылындагы №2 аялдар абагында болушуп, бул илдетти алдын алуу жана ал катталган учурда көрүүчү иш-аракетердин даярдыгына мониторинг жасашты. Аталган кеңештин төрайымы Чолпон Омурканованын айтымына, бул мекемелерде даярдык бар. «Коронавирус боюнча дүйнөдө жана биздин өлкөдө болуп жаткан жагдайларга карата коомдук кеңеш 23-апрелден баштап жабык жайларды-абактарды, түзөтүү мекемелерин, тергөө изоляторлорун, ошондой эле, соттолгондорду кайтаруу жана ташуу департаментинин ишине мониторинг жүргүзүүдө. Бул мекемелер эпидемия болуп кетсе, кандай иш-аракеттерди көрөт, дегеле, ЖАМК учурда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иш алгоритмге канчалык деңгээлде шайкеш иштегенин билүү максатын көздөдүк. Биз мындан сырткары, соттолгондордун укугу, камактагылар, ошондой эле, ЖАМК кызматкерлери жана аскер адамдары кандай эрежелерди сактап жатканын көрдүк.
№31, 2 мекемелерде даярдык жакшы экени байкалат. Мында обсервациялар уюшулуп, бардык талаптар аракет алгаритми менен жүргүзүлгөнүн көрдүк. Ар бир мекемеде иш ага киргендердин дене табын текшерүүдөн башталып, ар бир кызматкерде маска, антисептикер бар экен, соттолуучуларга дагы маска таратылган. Бул жайларда ооруканалар жайгашкандыктан, өздөрүнүн дарты менен ооруган соттолуучулар тиешелүү дарылануу алып жатышканын көрүүгө болот. Ар бир мекемеде короновируска карата штаб түзүлүп, алар ЖАМКнын борбордук штабы менен байланышып турганы дайын болду.
Биз ошондой эле, тамак-аш коопсуздугун, азык-түлүктөр жайгашкан сактоочу жайлар дезинфекцияланып жатабы, дезинфекциялык каражаттардын составы туурабы көрүп чыктык, баары талапка ылайык.
Бирок, ушул учурда абакта олтургандар жакындары менен жолуга албай жатышат. Айымдардын колониясында бул маселе стационардык телефон менен байланышууга мүмкүнчүлүк берүү аркылуу чечилип жатышкан экен. Биз Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине соттолгондорду видео скайп аркылуу жакындары менен сүйлөшүүгө шарт түзүп берсе деген сунушун жасаганы турабыз. Себеби, азыр өзгөчө кырдаал бүтүп жаткан менен, күзүндө, кышында кайталанып калса, даярдык болуусу кажет»,-деп билдирди.
31-мекемеде
31-мекемеде биринчи постто тепловизор менен ар бир кызматкердин дене табы өлчөнүп, ал жердеги журналга кимдин дене табы канча экени жазылган соң жалпы тизилүү болуп, андан кийин кызматкерлер өз иш орундарына тарашты.
Мында территориянын 7 жерине, имараттарда ар бир кабатында антисептиктер коюлган. Териироияны, кабинеттерди, соттолгондор жаткан палата күнүнө эки жолу дезинфекциядан өтөөрү айтылды.
31-мекеменин башчысы, ички кызматтын полковниги Таалай Асанбаев: “Биздин мекемеде Инфекцияны жуктуруп алган учурда дарылоо үчүн атайы 94 койкалык орун даярдалган. Обсервация үчүн баардык шарты бар, ажааткана, ысык, муздак суусу менен ваннасы бар 28 орундуу койкалар да уюшулду. Андан сырткары, өтө оор абалдагыларга 10 орун даяр. Мында жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган. Ар бир кызматкерге антисептиктер, маскалар берилди. Медициналык кызматкерлер окуудан өткөн. Азыр зарыл болгон каражаттар, коргонуучу кийимдер, дары-дармектер жетиштүү”,-деп билдирди.
2 мекемеде
Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагына карантин маалында 7 адам келген. Анын үчөө Караколдон кечөө эле алынып келинди. Аталган мекеменин жетекчилигинин айтуусунда, бул адамдар атайы түзүлгөн алгоритмдин негизинде обсервацияга алынат.
2-мекеменин медайымы Самара Ормонова жаңы келген соттолуучу кирүүчү өзүнчө эшикти көргөздү. «Жаңы келген адам бул эшиктен киргизилип, вируска каршы каражаттар менен колдору тазаланган соң, перчатки, маска берилет. Бул жерде медициналык кол каптар, маска, зарыл керек болгон дары дармектер, дене табын өлчөөчү каражаттар коюлган. Эгерде, дене табы көтөрүлгөн жана коронаврус илдетинин белгилери көрүнгөн болсо, өзгөчө даярдалган палатага жаткырылып, көзөмөлгө алынат. Ал эми, эч кандай белги байкалбаса, обсервация үчүн даярдалган палаталарга жаткырылат. Атайын даярдалган 18 палата бар. Мындан сырткары, ооругандар үчүн да 6 орундук бөлмөлөр даярдалган»,-дейт ал.