Ошентип, Жогорку Кеӊеш эмгек эргүүсүнө чыгып кетти. «Ошондон ары кетсин» дегендер көп. Бирок, эмдиги шайлоого чейин күтүп тургансып жетип келет эмеспи…
Эми бу Жогорку Кеӊештин кебете-кешпири белгилүү, аты болгону менен заты жок да. Мөөнөтү бат эле бүтүп кетип бергени жакшы дечи, бирок, кайра ушулар сыяктуу «кем-карчы бар» немелер кайра шайланып келерин ойлоп кыжалат болгон абал күтүлүп жатпайбы!.. «Кийинки парламенке мындан да жамандар келет» деп Рыскелди Момбеков жөн жерден айткан эмес…
Бул парламенттин маӊыз-мазмунун айтып отуруштун өзү деле бир болбогон нерсеге барып такалат, бул парламентти «президенттин оозун карап олтурган жөнсүздөрдүн короосу» деп койсок, бир жери короп кетпейт, корочу эмнекси бар эле?!
Кетээри аябай күтүлүп жаткан бул парламентте начар деген адамдардын бардык түрү топтолгон да: уурулар, кылмышкерлер, алдамчылар, коррупционерлер, бандиттер, атактуу аферисттер, билимсиздер, карьеристтер, популисттер, дагы толгон «…исттер» бар. Анан алар чогулуп чечкен маселеси кайсы дейсиӊ?! Эми аны чечмелеп дагы бир ирет маанайды бузуп-талкалап эмне кылалы, болгон-толгон жеринде калсын деп коелу да!
Парламент өргүүгө чыгар алдында толгон мыйзамдарды кабыл алды. Залда аз эле депутат отурат да добуш бергендери жетимиш-сексенге жетип жатты. Бирөө, экөө, үчөө, төртөө, бешөө, алтоо… үчүн бир гана депутат добуш берип койгонуна көнүп деле бүттүк, бул ирет да ошондой болду. Мыйзамдардын баары заматта кабыл алынып жатты!.. Андан аз мурун парламентте аты-жыты жок отурчу эки аялдын- Нурзат Осмонова менен Гүлӊат Асылбаеванын демилгеси менен сөз эркиндигине шек келтирген бир мыйзамды парламент кабыл алып берди. Ал болсо бийликке жан тартканы мыйзам болду окшойт…
Эми кете турган парламентти жамандап отурбайын, кетип бере турганына тобо дейин… Эмдиги парламент булардан аз-аз, кипкичине… жогору болсо экен деген тилек кайра-кайра келе берет экен. Адам үмүтү таптакыр эле өчпөчү нерсе турбайбы…
Айланайын, күздө келип берчү парламенттин сүрөтүн ар-кимиси тартып жатат, тегизи менен коркунучтуу көрүнүш! «Кудай өзүӊ бир сакта!» деп,жакабызды муунта кармап, тобо келтирип жаткан кезибиз! Тим эле жети баштуу желмогуз келчүдөй болобуз да, ыя?! Ооба, андай жомок сындуу коркунуч жок, бирок, ал коркунуч реалдуу турмуштун дал өзүнөн келгени турбайбы?! Ойлоп багыӊыз: кудайдан жөө качкан аферисттер, кызмат үчүн ата-бабаларынын арбагын соодалап жиберчү карьеристтир, элге «жугундусун» таратып туруп мактанчу популисттер, аялынын дамбалына кирип алып «жоо саям» деп бакырчу «баатырлар», баскан-турганынын баарын жомокко айландырган «жомокчулар», көзүнө көрүнгөн мүлктүн баарына көзү арткандар, сулууну көрсө «сунала» калчу «цюрильниктер»… ж.б.у.с. «кыспуруштар» парламенттиин ичин толурганы турат го?! Ооба, ал жагынан абалыбыз коркунучта! «Ата Мекен коркунучта!» деген далай абалды басып өткөн жаныбыз бул процессти деле басып өтөрбүз. Бирок, ошол коркунучтуу жол элди кууратып бүтөт эмесепи!»
Кезектеги парламенттик шайлоого кырктан ашык партия катышабыз деп турат. Булардын ичинен заты бар партиялар аз эле, көпчүлүгү заты жок, аты гана бар партиялар, эми аларды «эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт» мааниге кошуп койсок болот…
Коронавирус оорусу жоюлмайынча парламенттик шайлоону өткөзүүгө болбойт дегенди айтып, ага толгон аргументтерди келитир тургандарды президент Жээнбеков түз эле «популисттер» деп атап салды, шайлоо өз убагында өтөрүн баса белгилеп койду. Бул иште биз акылдуууна албайбыз…
Азыркы парламенттеги аябай азчылыкты түзгөн Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Мыктыбек Абдылдаев, Асел Кодуранова, Мирлан Жээнчороев, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева сыяктуу инсандар эмдиги парламентте көп болушун каалагандар элдин көбү эмес, элдин баары эмеспи!
Жогоруда саналгандардын ичинен Рыскелди Момбековду жоопкерчилик менен алып ушул жигиттей болгула деп чакырык таштап койсо, күткөн абалыбызга туура келип берер эле! Анткени, бул жигитттин турган турпаты, ойлогон ою, самаган тилеги, кайраты, атуулдугу, элинин салт-санаасын мыкты түшүнө билгендиги… баары-баары эл күтүп-самаган жигит сынына төп келип жатпайбы! Буга окшогон «бычакка сап» жигиттердин азыркы кыргыз улутунда аз болуп жатышы ак дил адамдарды аябагандай чоӊ бушайманга салып жатат! Ооба кыргызда аз болсо да Рыскелдиге окшогон жигиттер бар, бирок, аларда эл керегине жарап берчү кызматтары жок, андайларга бийилик кызмат бербейт. Рыскелдиге окшоп тайманбастыгы, өткүрлүгү менен бийликтин «билгенин» жиреп өтүп кеткендер аябагандай аз… Момундай да биз күткөн күн болушу мүмкүн: келерки парламентке Рыскелди Момбеков да шайланып, анан ал Спикер болуп тандалса, анда парламентибиз Конституцияда жазылгандай иштейт эле, парламенттик-президенттик башкаруу орун алмак! Ошондо мамлекетибиз оӊолууга жол табар беле?!
Баратбай Аракеев
Булак: Багыт