Домой Саясат Израилге элчи болуп дайындалган Өмүралиевге депутаттар каршы чыгышууда

Израилге элчи болуп дайындалган Өмүралиевге депутаттар каршы чыгышууда

140

Депутат Айбек Осмонов 5-июлдагы Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Израилге элчи болуп дайындалышына каршы чыкты.

Анын айтымында, Өмүралиев Түркияда элчи болуп турганда милдетин аткара алган эмес.

«Эмне кереги бар ага дагы кошумча ыйгарым укук берүүнүн?» — деп кызыкты Осмонов.

Тышкы иштер министринин орун басары Өмүралиевдин ишмердүүлүгү менен депутаттар Жогорку Кеңешке отчёт берүүгө келгенде таанышса болорун айтты.

Дагы бир депутат, Шайлообек Атазов Өмүралиев 2019-жылдан бери Түркияда элчи экенин, бирок бүгүнкү күнгө чейин түрк тилин үйрөнбөгөнүн жана өлкөгө эч кандай инвестиция тартпаганын биллдирди.

Өмүралиевдин ишине ичи чыкпай жаткан эки депутат июнь айынын аягында Түркияда «Жибек Жолундагы жылдын алтын адамдары» сыйлыгынын «Жылдын депутаты» наамына татыган. Анан калса, Атазов дагы, Осмонов дагы парламентте үч айга жакын гана убакыт депутат болушкан.

Бул «Сапат» мектептер тармагынын президенти Орхан Инанды изделип жаткан шартта болгон. Ошол эле күнү кечинде, 5-июлда, аны Түркиянын чалгындоо кызматы уурдап чыгарып кеткени белгилүү болгон.

ky.kloop.asia