Домой Саясат Изи сууду… иши “сууй” элек…

Изи сууду… иши “сууй” элек…

118
Бу, бетмаңдай сүйлөшүп тургандар кимдер десе, тике караган каарманыбыз «айтылуу үч тамга» Бусурманкул Табалдиев экен. Берки, бизге далысын салып турганы Алымбай Султановго окшоп турат. Алымбай мырза экс-президент Атамбаевдин кудасы эмеспи, куданын доорунда тайраңдап аткан кезинде чырк эткен сүрөт окшойт. Бетинен бит тайгаланат тим эле, жылтырап…

Андан аркы кеп Табалдиев тууралуу уланган турат. Ал өзү «кадровый» офицер. Болгондо да «үч тамганын» чоң окуусун СССР кезде бүтүрүп чыккан. Өз кесиби менен соңку мезгилдерге чейин иштеген. 2013-жылы кримтөбөл Батукаев абактан «оорусу катуу» деген себеп менен бошотулганда, генерал-лейтенант Табалдиев УКМКнын төрагасы болуп турган. Батукаев тууралуу «спектаклге байланышы» бар деген бир топ аткаминер сурак берип, айрымдары камалганы жалпыга белгилүу. Кылмышкерди мыйзамсыз бошотуу боюнча Табалдиевге да сурак берүү кезеги келип, тилекке каршы, аны жашаган ордунан таппай калышканы жана ага эл аралык издөө жарыяланганы баарыбызга маалым. Ишенген генералдарыбыз калыс пикир айтып, чындыктын көзүн түз карай албай жылт коюп кетип атса, иштин бүткөнү ушул экен да. Анткен менен изин жашырып кеткенине караганда, «автобиографиясы» таза эмес окшойт деп коомчулук өзүнчө жыйынтык чыгарганга мажбур болду. Болбосо, тегин жерден качпайт эле чекист мырза…

Сокбилек

Булак: “Де-факто”