Домой Эне тил «Ит тумоосу» деп ит болбойлу… Шайлообек Дүйшеевдин кызыктуу ойлорунан

«Ит тумоосу» деп ит болбойлу… Шайлообек Дүйшеевдин кызыктуу ойлорунан

122

Чал небереси менен

Орусчасы “национализа­ция”, кыргызчасы “улутташ­тыруу” деген сөз бар. Орус тилиндегисинде да, кыргыз тилиндегисинде да айып жок. Айып мына ушул терминди туура эмес колдонуп келаткан өзүбүздө. Далил келтирели, “Депутаттар «Кумтөрдү» улутташтырабыз дешти” дейт. Эгер жакшылап ойлонсок “улутташтыруу” деген “кыргыздаштыруу” деген эле сөз го дейбиз. Бир караганда мунун өөнү жоктой көрүнөт. Кыргыздаштырбаганда эмне кылмак элек анан, кыргыздын менчиги болсо дейбиз. Бирок саясат деген кыргызчылыкка караганда кылдаттыкты жакшы көрөт эмеспи. Кыргыз Республикасындагы «Кумтөр» алтын кени эле эмес, ага чейин таланып-тонолгон, сатылып жок болгон, менчиктештирилген завод-фабрикалардын, комбинаттар менен ишканалардын, мекемелер­дин баарын жалгыз эле кыргыз улутунан турган эл эмес, Кыргызстан деген өлкөнүн көп улуттан турган эли курбады беле. Ошондуктан жалпы элге таандык ишканаларды мындан ары “улутташтыруу” дебестен “мамлекеттештирүу” же мындан да тагыраагы “мамлекеттин ээлигине алуу” деп жазып, документтештирген өзүбүзгө да, Кудайга да жага турган иш болот го деген ойду айткыбыз келди.

* * *

Илгери кыргыздын жайлоолорун пайдаланып келгендиги үчүн казактардан алынуучу аренда акыны кыргыздар “от майы” же “чөп ооз” деп атачу экен.

* * *

Көп жылдардан бери Жер шарынын бир бурчунан чыга калып тарап кетчү ооруну “чочко тумоосу” деп атап алып, анын аталышы туурабы же туура эмеспи, аны такыр эле ойлонбой койдук. Анын үстүнө кыргыздар малды же жан-жаныбарларды эч качан “тумоолоду” деп айткан эмес. Тумоолоп калыптыр деп адамдарды гана айткан. “Гриб” дегенди “сасык тумоо” деп которуп жүрүшөт. Ал эми “птичьий гриб” деген “куш тумоосу” деп которулбастан, “канаттуулардын ылаңы” деп которулууга тийиш эле. Жан-жаныбарлар менен адамдын айырмасын ажырата билген кыргыздар канаттуу куштарга, айбанаттар менен малга жабышкан дартты өз аты менен атап, аларды “ылаңдап” калыптыр, “ылаңга чалдыгыптыр”, “ылаңы бар экен” деп айтчу эмес беле? Андыктан “куш тумоосу” же “чочко тумоосу” деген айбан менен адамдын оорусун айырмалай албагандардын, же ит багып, ат минип көрбөгөндөрдүн тапкан сөзү. Болбосо, кыргыз баласы ит-кушту эч качан тумоолоду деп айткан эмес. “Ит ылаңдап калыптыр” деген. “Тумоолоп калыптыр” деп кишилерди айткан. “Атам тумоолоп калыптыр, барып көрүп келдим” дечү. Ошондуктан кесиптеш ини-карындаштарымды радио менен теледен сүйлөгөндө, гезитке жазганда “куш тумоосу” же “чочко тумоосу” дебей, “куш ылаңы”, “чочко ылаңы” деп туура жазып, туура айтып жүргөнгө чакырар элем. Ар бир туура эмес айтылган сөз эне тилибизге жасалган кыянаттык болуп саналат.

* * *

Дагы бир жагдайды ортого сала кетейин. Кыргызда “күйөөсү” же “эри” деген сөз бар. Бул сөздүн маани-маңызын түшүнбөгөндөр же сөз маанисин жакшы билбегендер орой деп өгөйлөшү мүмкүн. “Эр” деген сөздүн эмнеси орой? “Эрди-катын” дейт. Эр деген эр жигит, эр азамат, Эр Төштүк, Эр Солтоной, Эр Манас ж.б. Эркек дегенден келип чыккан балбан сөз, кыргыз сөз. Азыр келиндерди:
— Жаныңдагы ким?-десең, совет доорунан келаткан адат менен күйөөсүн:
— Жолдошум,-деп тааныштырмайды адатка айлантып алышты.
— Жолдошуң жаныңдагы жигит экен, анда күйөөң кайда, кагылайын?-десе эмне дейт?

Ошондуктан жаштар күйөөсүн тааныштырганда:
-Бул менин күйөөм болот же бул менин эрим болот,-деп эле кыргызча айтышы керек. Күйөөгө тийгенден уялбаган, “күйөөм” же “эрим” дегенден уялабы?

Орустар деле:
-Это мой муж,-деп айтат эмеспи.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”