Домой Криминал «Ислам мамлекети» террордук тобунун үч мүчөсү соттолду

«Ислам мамлекети» террордук тобунун үч мүчөсү соттолду

106

img4

Баткенде «Ислам мамлекети» террордук тобунун үч мүчөсү соттолду. Бул тууралуу 10-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди. Бул адамдар Сирия жана Иракта аскердик даярдыктан өтүп, Кыргызстанга келип террордук актыларды уюштуруу максатында кайтып келген деп айыпталган. Мындай коркунучтун алдын алган УКМК соттолуучуларды өз учурунда колго түшүргөн.

genaric cialis for sale in the usa. Соттолгон жарандар Кылмыш-жаза кодексинин «каракчылыкка даярдануу», «жалданмачылык», «ок атуучу курал-жаракты мыйзамсыз сактоо», «мамлекеттик чек араны бузуп өтүү», «жасалма документ колдонуу» жана «улут, раса, диний жана башка кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыптуу деп табылды жана мүлкүн конфискациялоо жолу менен күчөтүлгөн режимдеги колонияга 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды. Аларды кармоо учурунда “Калашников” автоматы, гранаталар, ар түркүн калибрдеги ок-дары, террордук жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана байланыш каражаттары табылган.

Бул да болсо биздин атайын кызматтын эмгеги. Акыркы учурларда УКМК оперативдүүлүк менен иштеп далай террактардын, жардыруулардын алдын алууда. Бул үчүн биздин коопсуздукту күнү-түнү камсыз кылган атайын кызматтын өкүлдөрүнө ыраазы гана болушубуз керек. Эң коопсуз деген мамлекеттерде терракттардын болуп жатканын эске алганда Кыргызстанда УКМК мыкты иштеп жатат деп баа берсек болот.