Домой Саясат Искак Пирматов деген «кит-коррупционерди» УКМК унутуп калдыбы? Же 258 млн. аз...

Искак Пирматов деген «кит-коррупционерди» УКМК унутуп калдыбы? Же 258 млн. аз эле акчабы?

200

Учурда укургу узун УКМК мамлекеттин казынасын толтуруу үчүн элге мурда -кийин коррупциялык иштери менен белгилүү болгон, кылмыш козголуп, кайра акталып, айтор «суудан кургак чыгып кеткендерди» кустуруу иштерин жасап жаткансыйт. Жапаров болсо бир айлык мөөнөт менен экономикалык мунапыс жарыялаган. Мына ушундай иштердин алкагында УКМК менен финпол бир катар коррупционерлерди кылаткка илип жатат. Бирок эмнегдир алардын арасында атактуу «коррпуционер» катары калтын калың катмарына таанылган Искак Пирматов деген эл өкүлүнүн аты  угулбайт, өзү көрүнбөйт. Бул адамга Башкы прокуратура 2010-жылдан кийин эле кылмыш козгогон. Эргул эл өкүлү болгончо «Кыргызнефтигазды» жетектеп 258 млн. сомду сол чөнтөккө сологону айтылып, далай жазылды. Бирок ал учурда кол тийбестиктигине жамынып, депутат кесиптештеринин жардамы менен жоопко тартылбай калган. Андан бери 8-9 жыл болуп кетти. Дагы эле депутат.Миллиондорду мамлекетке төгө элек. Же Түлеев, Келдибеков ж.б. көргөн жерди көрө элек. Кыскасы, Башкы прокурор, финпол, УКМК ушул өпирматовдон миллиондогон каражаттарды жакшылап кусутурушу зарыл. Болбосо коррупция менен күрөшүп атабыз деген сөз болбогон эле сөз болуп калат.