Домой Коом Ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө мурдагыдай эле тыюу салынат

Ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө мурдагыдай эле тыюу салынат

109

Бишкек карантин шартында жашап жатат, андыктан айрым жайларга жана иш-чараларга уруксат берүү маселеси азырынча чечиле элек. Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов билдиргендей, ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө мурдагыдай эле тыюу салынат, булар:

🔺 маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эстелик иш-чараларын өткөрүү;
🔺 Көңүл ачуучу мекемелердин иши;
🔺 балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын иши;
🔺 интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайлардын ишмердиги;
🔺 мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдардын иши.