Ишкер Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында калды. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, ушундай чечим чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы 15-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Салымбековго 319-берене менен (“Коррупция”) кылмыш ишин козголгон.
Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалгандыгы маалымдалган болчу. Бул боюнча атайын кызмат азырынча комментарий берилбей турганын билдирди.
Эркин Салымбеков «Дордой-Дыйкан» базарына ээлик кылат. Ишкер Аскар Салымбековдун иниси.