КСДПнын Музаффар Исаков деген депутаты бар. Кыйындыгы деле билинбейт, же жакшы иштери менен көзгө илинбейт. Өткөндө аны ЖКнын эң маанилүү комитетинин короосунан “кууп” чыгып, ордуна Аалы Карашевди мүчө кылышканын жазганбыз. Эми ошол депутатка Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.
Анткени, ал Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турганда, кызылдай жеке кызыкчылыктарга басым жасап, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана архитектуранын жетекчилери менен жең ичинен келишип алып, 5 жыл ичинде, тагыраагы 2010-2015-жылдары мыйзамсыз 315 токтом чыгарган экен. Анын өзүм билемдик токтомдорунун кесепетинин айынан айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жер жеке менчик турак-жай тургузууга берилип кеткен. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым адамдар ал жерлерди 1500-3000 доллардан сатып алгандыгын билдиришкен. Калган ишти УКМК узун укуругу менен чукуп, депутаттын дагы да уятын чыгармай болду. Исаков өткөн жылдын июнь айында депутаттыгын мөөнөтүнөн мурун жыйынтыктап, эл көзүнөн “жылт” койгон Ашэра Халикованын ордуна депутат болгон эле. Эми минтип жыл айланбай былыгы чыгып олтурат. Кыязы, ал кургуруң ошол айыл өкмөттөн мыйзамсыз топтогон акча менен депутат болуп келсе керек.
Деги эле, КСДПдан депутат болгондордун көбү соо эмес окшобойбу. Айрыкча, мурда — кийин ар кандай кызматта болгондор. Жакында эле, Ысык-Атанын бир айылында айыл өкмөт болуп иштеп турганда, 16 млн сом мыйзамсыз акча чатагы менен Баякунов деген депутат да өз мөөнөтүнөн мурун кеткени элге белгилүү. Бир чети КСДП мындай кадамдарды өз арасынан колу таза эместерди ушинтип ачыкка чыгарып, тазалап жатат десек болот. Экинчиден, тизмеде кийинки келе турган “лөктөрдү” депутат кылуу маселеси да турат. Кыскасы, чабалдарды өз кылыктарына, былыктарына карап чаап салуу саясаты да бул фракцияда өз күчүндө турат.