Күздө өтө турган шайлоо 5 жылдан бери уктап жаткан депутаттарды түшүнөн чочутту. Бар-жогу билинбей жүргөндөргө жан кирди. Мына “Кыргызстан” партиясынын төрагасы Канат Исаев интригадан башы чыкпай жүрүп эле мөөнөтү аяктап калганын түшүнбөй деле калды. Анан шайлоого чейин элге көрүнүп калыш үчүн популизм жоругун баштады. Баягы, “ар бир балага 50 миң сомдон сүйүнчү пул, ар бир облуска 50дөн ишкана ачабыз, миңдеген жумушчу орун түзөбүз”, – деген куру убадаларын эл унутуп калды деп жатса керек. Эл унута элек, шайлоодо сурап алат. Бул жолу алдай албайсың. Сыягы, бийлик менен көз ымдашып жатканына курсант болуп, кайра эле элди алдап, парламентке депутат болуп келебиз деп жатса жаңылышат.
Булак: Багыт.kg гезити