Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак айылында жайгашкан Иса Өмүркуловдун мал сарайын талкалап, жүзгө жакын койду айдап кетишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.
Ал эми Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан бул маалыматты тастыктап: «Сарай талкаланып, жүздөй койду айдап кетишкени чын. Ал сарай Иса Өмүркуловдуку деп айтылып келет. Бирок кагаз жүзүндө ээси ким экенин билбейбиз», — деп билдиришти.