— Иса Шейшенкулович, жаңырган жыл башында баарлашып жатабыз. Алгач, быйылкы жыл сиздин көз карашыңызда жалпысынан кандай болду, мына ушул тууралуу айтып берсеңиз?
— Элибизде: “Өткөн жылды, жаман деп айтпайт” деген кеп бар. Ансыңарындай, быйыл мамлекетибизде бир топ чоң тарыхый, орчундуу саясый окуялар болду. Эң башкысы стабилдүүлүк бекемдеген жылдардын бири болуп калды. Эч жерде ызы-чуу болгон жок. Бул көрүнүштүн өзү элибиз үчүн эң чоң байлык. Себеби, тынчтык болсо, талаш-тартыш, ызы-чуу болбосо дүйнө эли кызыгып, биздин мамлекетке чоң инвестициялар келет. Бул — элибиз үчүн чоң жеңиш. Жыл бою референдум, Баш мыйзам жөнүндө кызуу сөз кылдык. Бул маселеде абдан ачык-айкындуулук орун алып, каалаган адамдар каалаган топко кирип, өз пикирин билдиришти. “Макул” деген, “Каршы” деген да топтор болуп, сөз эркиндиги өз деңгээлинен ашып турду десек болот. ЖМКнын баардык түрлөрүнөн, социалдык баракчалардан коомдук уюмдар, активисттер толук талкууга алынды. Мунун баары биздин жарандарыбыздын кандай маселе болсо да кайдыгер карабастыгын билдирди. Андан тышкары, Жергиликтүү кеңештерге шайлоо ийгиликтүү өттү. Мен мекеним деген патриоттор депутат болуп келишти деп ишенем, жакшы иштешет деген үмүтүбүз бар. Кийинки 5 жылга болгон өнүгүү кадамдарыбызга шарт түзүп, салым кошо тургандар да ушулар. Ошондой эле, быйылкы тарыхый окуяларды учкай айтсак, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун, Үркүндүн 100 жылдыгын, Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын да жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. Үркүн окуясы кыргыз элинин тарыхындагы кара так, миңдеген аталарыбыз, апаларыбыз көз жумган. Ал окуяга эстелик коюлуп, Путиндин өзү келип гүл коюуп, орус элинин каргашалуу окуяны колдобогонун, кезегинде ал ката иш болгонун билдиргендей болду. Көчмөндөр оюну менен биз Кыргызстанды дагы бир ирет дүйнөгө даңазалап алдык, ушул оюндан соң Кыргызстанды тааныбаган өлкөлөр таанып, бизге кызыгуусу артып, бизге келип жатышат. Мунун өзү биздин алдыга таштаган стратегиялык кадамдарыбыздын бири.
Ал эми экономика тармагын алсак, оңой болгон жок. Чынында батыш мамлекеттеринин Орусияга койгон санкциялары, чектөөлөрүнүн кесепети бизге да тийип жатат. Биздин мамлекет эле эмес, коңшу мамлекеттерге да залакасы тийди. Себеби, баары туташ болгондуктан ушундай болуп турат. Ошентсе да, биз баарынан азыраак зыян тарттык. Эконмикабыздын негизги нугу, негизги багыты сакталып, түз жолдон тайган жок. Ушул жол менен социалдык, коммуникациялык, инфраструктуралык көйгөйлөрдү акырындык менен чечебиз. Бир жакшы көрүнүштү белгилеп кетейин. 2016-жылы чоң кадам ташталды. Айтсак, республика боюнча 225 мектеп куруу пландалып, анын бир тобу ишке ашып жатат. Союз учурунда бир жылда мынча мектеп курулган эмес. Мектеп маселесине Жер үйдөн түшкөн 100 млн. доллар толугу менен сарпталды. Ошондой эле, былтыркыдай таза суу көйгөйүн чечүүгө грант, инвестиция тартуу буга чейин болгон эмес. Бул кадамдар биздин мамлекет үчүн чоң ийгилик. Эмки жылдан баштап жүздөгөн айылдарда таза суу көйгөйү чечиле баштайт.
— Бишкек шаардык кеңеши боюнча КСДП фракциясы 2012-жылы 21 мандат алса, бул жолу 13 эле мандатка ээ болду. Бул биринчиден бийлик тарабынан административдик ресурстардыколдонбогонунан кабар берет десек болот го… Бул боюнча эмне айтасыз?
— Менимче, акыркы кездери конкреттүүлүк күчөдү. Бир топ партиялар болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, ага жараша натыйжага жетишти. Мыйзамга туура келбей турган нерселер да орун алды, маселен “подкуп” болду десек болот. Бул көрүнүштү эл жакшы эле байкады. Демек, жокко чыгарбашыбыз зарыл. Бул ыкма дагы таасир берди. Ал эми биздин партия мындай ыплас нерседен дайыма алыс болуп келген. Мен өзүм 2012- жылы мэр болуп турганда дагы административдик ресурстарды колдонбоого, мыйзамсыз кадамдарды ишке ашырбоого аракет кылып, жакшы шарттарды түзүп бергем, менимче ошондо биз көбүрөөк добуш алганбыз.
— Партиянын аброюна байланыштуу болуп калды деген сөздөр да айтылууда…
— Тизмедеги адамдардын да таасири болду. Алардын кандайдыр бир нерсеге ишенип, жакшы ишенип алгандыгы болду. Өзүнө ишенип алуу да көп жакшы натыйжасын берген жок.
— Кийинки жылы жазда парламент өз мөөнөтүнөн мурун тарап кетиши мүмкүн экени айтылууда, бул кеп канчалык деңгээлде реалдуу? Бул маселени сиз баарынан жакшы билсеңиз керек…
— Референдум маселеси өзү негизинен эки маселеден турду. Биринчиси: Башы мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча, экинчиси кабыл алынган соң, аны колдонуу тууралуу. Парламентти жалпы эл шайлаган, Президент аны колдогон. Андыктан аны таратууга юридикалык негиз жок. Парламент жакшы иштеп, депутаттар элдин колдоосуна татып, элдин үмүтүн актап турса, аягына чейин иштейт деген ойдомун. Ал эми эл өкүлдөрү элге жакпай, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынын камын көрүп кетишсе, андай көрүнүш парламентке эч кандай аброй алып келбейт, аягы да жакшы болбойт.
— Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамдагы беренелердин көбү 2017-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет дегенди коомчулук ар кандай түшүнүүдө, бул боюнча эмне дейсиз?
— Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыктарын расмий түрдө жарыяланган соң, анан 15 күндүн ичинде ага Президент кол койсо, күчүнө кирет. Баш мыйзамдын 26 беренеси өзгөрдү да, эми анын 5 беренеси 2017-жылдын 1-декабарында күчүнө кирет. Ушундай чечим кабыл алынган. Калган беренелер боюнча расмий түрдө кол коюлган соң колдонула берет. Бирок көп беренелер боюнча Баш мыйзамдын негизинде мыйзамдарды кабыл алуу керек. Жогоруда айтылган 5 берене боюнча айтсак, биринчиси: көпчүлүк коалициядан чыга турган болсо, коалициянын 2ден кем эмес добушу жана токтомдун алдына баары тең кол коюшу керек. Экинчиси: коалиция тарап кетсе, спикер да өз ыйгарым укуктарын кайрадан бышыкташы керек. Үчүнчүсү: өкмөт башчынын министрлерди кызматтан алуу жана дайындоо боюнча берене. Төртүнчүсү: Президент салык боюнча бюджетке сөзсүз кол коөт, эгер өкмөттүн сунушу болсо кайра кайтарылат деген берене. Бешинчиси: депутат премьер-министр, же биринчи вице-премьер болуп кетсе, депутаттык мандатын сактап калат. Демек кызматтан кеткен соң, кайрадан депутат болуп кала берет.
— Оппозициялык маанайдагы адамдардын айрымдары референдумду бийлик жалпы добуш берүүчүлөрдүн 50 пайызы эмес, 30 пайыз менен өткөрдү деген кинелерди айтып жатышат, буга чынында мыйзам жол берет да..
— Туура. Мыйзам жол берет. Референдумга жалпы шайлоочулардын 30 пайызы макул деп добуш берсе, референдум өттү деп эсептелинет. Бул жолку шайлоо жана референдумга 42 пайыз жарандар катышты, анын 79, 5 пайызы колдоду, 15 пайызы каршы болду, жараксыз бюллетендер да болду. Бул туура, реалдуу көрсөткүч.
— Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча пикириңизди уксак…
— Азыр өкмөттүн алдында оңой эмес көйгөйлөр турат. Биринчиден экономиканы көтөрүп, өкмөттүн киреше булактарын көбөйтүү ж.б. ЕАЭСке кирүү маселесине мурунку өкмөт жакшы даярдык көрбөгөнүнүн азабын тартып жатат. Мисалы, азыр Орусияга айыл-чарба азыктарын өткөзө албай кыйынчылык жаралып турат. Андан тышкары, биздин өлкөгө сырттан күйүүчү майдан тарта бир топ товарлар контрабандалык жолдор менен кирип кетти. Мунун баары терс таасир берди. Азыр өкмөт ушул көйгөйдүн үстүнөн иштеп жатат. Мен ишенем, өкмөт жакынкы айлардан баштап ушундай көйгөйлөрдү чечип, татынакай иретке келтирет деген үмүтүм бар. Көйгөйлөр болуп келген, боло берет. Бюджеттин чыгымдары жылдан-жылга көбөйө берет, бул жакшы. Себеби, бизде мурунку жылдарга салыштырмалуу ар кандай социалдык мекемелер, жол, коммуникациялар курулууда.
— Тышкы карыз боюнча оюңузду уксак. Каржы министри дагы 500 млн. доллар карыз алышыбыз керек дегени көпчүлүккө жакпай турат, эксперттер болсо тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 60 пайызына жакындап калды деп коңгуроо кагып жатышат…
— Дүйнөдө көптөгөн мамлекеттер, дээрлик бүт өлкөлөр ошондой сырткы карыздардын эсебинен жашашат. Бир, эки мисал айтайын. Өнүккөн Япониянын тышкы карызынын көлөмү ИДПсына салыштырмалуу 219 пайызды түзөт.Американыкы 118 пайызды түзөт. Казакстандыкы 80 пайыздан ашат. Италияныкы 79 пайыздан жогору. Ошондуктан биздин мамлекетке 60 пайыз анчалык жогорку көрсөткүч эмес. Негизинен батыш мамлекеттери бүт эле насыяга жасашат. Биз сырттан насыя албай койсок деле болот. Бирок түндүк-түштүк альтернативдик жолун, «Датка-Кемин электр линиясын, ГЭСтерди, жолдорду кайсы акчага курабыз? Анда эч нерсе курбай олтура берелиби? Сырттан карыз алуудан коркпошубуз керек. Болгону ал сырттан алынган акчаны максаттуу пайдаланып, конкреттүү багыттарга сарптап, ар кандай жеке кызыкчылыктарга жол бербей, көзөмөлдү күчөтүшүбүз зарыл. Мына ушул жагына басымды күчөтпөсөк болбойт.
— Президенттике талапкер болуп, такталып жаткандардын саны барган сайын өсө баштады. Бийлик өзү бир нече адамды алып чыгат, анын бири Иса Өмүркулов болуп калышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Бул кепти өз оозуңуздан уксак…
— Президенттике жалпы эл менен бирге: тажрыйбасы мол, билим деңгээли жогору, кыраакы, иш билги адамды жаңылбай тандап алышыбыз керек. Анткени, кийинки 6 жыл мамлекет кайсы жол менен кетет, өнүгүүсү канда болот деген суроого мен эле эмес, жалпы коомчулук кайдыгер карабай, акыл калчап турат. Бизде саясый партиялар көп, андан тышкары да мен-мен деген жигиттер да арбын. “Күлүктөн күлүк ашса, төр аягы тыбырайт” дегендей, элибиз эч кимге алданбай, сатылбай акылмандуулук кылып, эң татыктуу, эң патриот адамды Президент кылып шайлап алат деген ишеничтемин. Мен да ошондой адамга добуш берем. Ал эми КСДП да өз талапкерин сөзсүз көрсөтөт.
— Ал талапкер ким болушу мүмкүн?
— Эми аны убакыт көрсөтөт да…
— 2017-жылы мамлекетке, элге өзүңүзгө эмне күтөсүз?
— Келаткан жаңы жылда албетте биринчиден мамлекетке туруктуулукту, тынчтыкты күтөм. Өнүгүүнү, өсүүнү күтөм. Бизде эң негизгиси туруктуулук бекем болуп турса, өнүгүү да болот. Чынында 2017-жыл оңой -олтоң болот деп айтып, кепилдик берүү кыйын. Жашоо деген — бул күрөш. Андыктан бүгүнкү күндө атка минерлердин баары тең “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” ынтымакташып иштешибиз керек. Бири-бирибиз менен касташпай, бирибизге бирибиз упай топтобой, элди ойлоп, түз, ак иштейли деген тилекти айткым келет.
Ар бир үй-бүлөгө, жакындарына, деги эле жалпы эле элибизге тынччылык, молчулук, бакубат жашоону каалайм.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев