Президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айып пул өндүрүү талабынан баш тартты. Мындай маалыматты аталган агенттиктин негиздөөчүсү Асел Оторбаева билдирип, аны президенттик Аппараттын маалымат саясат бөлүмү да тастыктады.
2017-жылдын сентябрь айында «24.kg» сайтына Кабай Карабековдун «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат» деген макала чыккан. Ошол учурда президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы «ушак жана жалган жалаа» деп сыпаттап, сотко кайрылган эле. Жыйынтыгында бул макала президенттин саясый атаандаштарынын заказы менен аны шайлоо астында каралоо үчүн жаздырылганы соттон далилденген. Бишкектин Свердлов райондук соту болсо моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен «24.kg» агенттигинин ар биринен 5 миллион сомдон айып салган.
Президенттин 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айып пул өндүрүү талабынан баш тартуу аракети кыргыз коомчулугу тарабынан жылуу кабыл алынууда. Социалдык түйүндөрдө болсо журналисттер, коомдук активисттер С.Жээнбековду колдогон пикирлерин билдирүүдө. Ошолордун айрымдарын эч өзгөртүүсүз сунуш кылабыз.
Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы: Абдан жакшы башталыш!
glaxo company cialis in usa. Janar Akaev, ЖК депутаты:
Жакшы башталыш!
Президент Жээнбековдун эркин медиага карата доосунан баш тартканы дурус кадам болду, дүйнөдө сөз эркиндигин муунтуп кадыр тапкан лидер дегеле болгон эмес. Эми Президент мырза саясий туткундарга карата айкөлдүгүн көргөзсө деген ниет, мунапыс берүү укугун колдонуп.
Altayir Alay Туура айттын Жанар мырза! Жеке мен сыйлай баштадым!
Бектур Сатаров Туура иш кылып баштаптыр. Аллахым женилдик берсин.
Mavlian Askarbekov, “Жаңы Муун” саясий кыймылынын төрагасы: Президенттин мындай кадамдары, эл тарабынан үмүт жандырып, ишеним арттырууда.
Тынчтык Алтымышев, журналист: «Кекчил болбой эпчил» дейт, кыргыз”
Azamat Tynaev, журналист: Отличное решение господина президента! Отличный пример для экс-президента!
Nurlan Sadykov, коомдук ишмер: Президент отозвал свой иск к журналисту и агентству 24.kg! Браво Президент! Это новая веха в госуправлении!
Рита Карасартова, укук коргоочу: Бүгүн Президент Жээнбеков » 24 kg» МА 5 млн.сомдук доо арызынан баш тартты.
Nurbek Ibragim Уйутку болуп башка иштерине да жуксун буйурса!