Домой Саясат Интеллигенция өкүлдөрү маалымдайт: Биз эч качан Темир Сариевди колдойбуз деп кол койгон...

Интеллигенция өкүлдөрү маалымдайт: Биз эч качан Темир Сариевди колдойбуз деп кол койгон эмеспиз!

60

1014425440

Буга чейин президенттикке талапкер Темир Сариевдин пиарчылары бир топ интеллигенция өкүлдөрүнүн атын атап, булар шайлоодо Сариевди колдойт деп билдирүү тараткан. Көп өтпөй эле мындай көз боёмочулуктун бети ачылып, бир топ аттуу-баштуу адамдар Сариевди колдоп кол койбогонун айтып чыкты.  

Белгилүү драматург, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев бир жыл мурда Сариев уюштурган иш-чарага катышып койгону үчүн ушундай балээге калганын айтса, Эл акыны Төлөгөн Мамеев күйөө баласы бир кагазга кол койдуруп кеткенин белгилеп, Сариевге алданып калганын шардана кылды. alli not working.

Сариевдин “тизмесине” кирген акын Бактыгүл Чотурова менен Мукан Асаналиев да Темир Аргенбаевичтин “тузагына” илинип калганын билдирип, мындай шермендечиликке таң калып чыкты. Б.Чотурова бир топ мурун президенттик шайлоо таза өтсүн деген кагазга кол койгонун айтып, Сариевдин куйтулугунан улам андан баш тарта турганын билдирди. “Мага мындан бир топ илгери президенттик шайлоо таза өтсүн десеңиз бул кагазга кол коюп бериңиз деп келгенде кол коюп бергем. Аны минтип бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн алдап, көз боёмочулук менен пайдаланары үч уктасам түшүмө кирбептир. Анда Темир Сариевди колдоо жөнүндө эч качан сөз болгон эмес. Мен маалымат жыйынына да катышкан эмесмин. Мындай алдамчылык менен коюлган колумдан баш тартам”, — дейт Чотурова.

Мукан Асаналиев болсо Сариевдин куулугуна таң калып, президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдой турганын айтат. “Кечээги маалымат жыйынына катышкан эмесмин жана ага эч кандай тиешем жок. Мындан төрт ай илгери бир кайрылууга кол койгонум ырас, бирок анда шайлоону адилеттүү өткөрүү үчүн деп айтышкан. Темир Сариев тууралуу деги эле сөз болгон эмес”, — дейт ал.

Ошентип Сариевдин дагы бир ирет шермендеси чыгып, көпчүлүк алдында ит болду. Бул кургур болгондо да интеллигенция өкүлдөрүнүн “бир жерине” суу куйганы жаман болду. Пиар жасаймын деген бул аракети терс натыйжа алып келип, көпчүлүккө уят болду. Ажо болом деген адам азыртадан элди, аттуу-баштуу адамдарды алдап жатса кийин кандай президент болот? Пиарың менен куруп кал!