Домой Экономика Инновациялар, колдоо жана экспорт: Made in Kyrgyzstan бренди алдындагы текстиль тышкы базарларды...

Инновациялар, колдоо жана экспорт: Made in Kyrgyzstan бренди алдындагы текстиль тышкы базарларды кандайча багындырууда

28

2024-жылы Кыргызстандын текстиль индустриясы туруктуу экономикалык өсүш жана эл аралык базарларга ийгиликтүү чыгуу менен постсоветтик аймакта чыныгы феноменге айланды. Мында кыргыз ишканаларына жаңы бийиктиктерге жетүүгө жардам берген жана Made in Kyrgyzstan брендин белгилүү кылган Россия тараптын колдоосу негизги ролду ойноду.

Кыргызстандын тигүү өнөр жайы таң каларлык ийгиликтерге жетишип жатканын базар статистикасы таасын көрсөтүп турат. 2024-жылдын сентябрына карата эле маалыматка ылайык өлкөдө 3 миңге жакын тигүү ишканалары иштеп, жыл сайын $150 млн ашуун суммага өнүмдөрдү экспортко чыгарышат. Анын ичинде КРдан чыккан текстилди сатуунун негизги базары болуп калган Россияга да экспорттолот.

Бул процессте РФдан батыш бренддеринин чыгып кетиши маанилүү роль ойноду. Биздин стратегиялык өнөктөшүбүз ата мекендик ишкерлер үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачкан импортту алмаштыруу программаларын киргизди. Кыргыз тигүүчүлөрү бул программаларды жемиштүү өздөштүрүп, өз орундарын табышты. 2022-жылы батыш компаниялары Россиядан кете баштаганда биздин экспорт эки эсе өсүп, жалпы жонунан $200 млн долларды түздү. 2023-жылы статистика көрсөткөндөй, РФга импорттолгон тыш кийимдин 90% КРда тигилген.

Мындан тышкары республика жеңил өнөр жай жаатында ЕАЭБ өлкөлөр арасында лидерликке чыгып, биримдикте калктын жан башына жеңил өнөр жай өнүмдөрүн өндүрүү боюнча биринчи орунду ээледи. 2024-жылдын сентябрында тигүү жана текстилдик индустрия боюнча биринчи «TEXPO» Улуттук форумун өткөрүү тармактын динамикалуу өнүгүшүн дагы бир ирет тастыктады. Иш-чарага чөйрөнүн өнүгүү келечегин жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган алдынкы эксперттер жана ишкерлер катышкан.

Эксперттердин пикиринде, кыргыз тигүү тармагынын жандануусунун башкы себептеринин бири катары россиялык өнөктөштөрдүн инвестициялары жана техникалык көмөгү болду. Заманбап технологияларды киргизүү жана жакшыртылган логистикалык инфраструктура аркылуу ишканалар майда көлөмдөгү өндүрүштөн ири фабрикалык масштабга чыгууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономиканы бекемдөөгө жетишти.

Мисалы, 2024-жылы бир эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен республикада экспортко багытталган беш текстилдик өнөр жайы ачылган. Ал компаниялардын бири Кытай жана Түркиядан ташуулардын ордун басып өзүнүн кездемелерин чыгарат. Жалпысынан 2024-жылдын соңуна карата Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан жеңил өнөр жай жаатында 150дөн ашуун ишкана $37 млн ашык суммага каржыланган.

Wildberries өңдүү маркетплейстердин өнүгүшү дагы тигүү өндүрүшү чөйрөсүндө республиканын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө зор түрткү берди. Кыргызстанда учурда Бишкекте жана Ошто Wildberries’тин эки сорттоочу борбору иштейт. Ошондой эле 130 ашык буйрутмаларды берүү жайлары бар. Платформада Кыргызстандык сатуучулардын саны 2022-жылдагы 7 миңден 2024-жылы 17 миңге чейин өскөн. Чүй облусундагы аянты 300 миң чарчы метр заманбап логистикалык комплекстин курулушу, 15 миллиард сомду түзгөн инвестициялардын көлөмү өлкөнүн чек аралык электрондук соодадагы позициясын бекемдөөдө.

Тармактын өнүгүшү тутумдуу мамлекеттик колдоонун артында мүмкүн болду. Текстилдик ишканалар үчүн салыктын жеңилдетилген шарттары киргизилди: КНС, киреше салыгынан жана соода алымынан бошотуу түшкөн пайдадан 0,25% өлчөмүндө алынуучу бирдиктүү жыйымга алмаштырылды. 50дөн ашык жумушчусу бар компаниялар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү кыскартылды. Бул индустриянын өзөгү болгон чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүнү өбөлгөлөйт.

Мунун баары жумуш орундарынын бир кыйла көбөйүшүн шарттап, өнүмдөрдүн сапатын жакшыртты. Бүгүн жеңил өнөр жайда жана ага байланышы бар тармактарда 150 миңге жакын адам иштейт. Бул улуттук ИДПнын 7% түзөт.

Жакынкы келечекте Кыргызстандын текстиль тармагын жаңы деңгээлге чыгара турган долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ош шаарында жергиликтүү сырьёдон өндүрүмдөрдү чыгаруунун толук циклин камтыган заманбап текстилдик кластер түзүлүп жатат. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) колдогон каржылоосу 4,3 миллион долларлык бул долбоор аркылуу жыл сайын 7 миллион даанадан ашык өндүрүм чыгарылат. Алардын 90% ашыгын Россия жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда.

Чүй облусунда Silk Way индустриялык паркынын жана технополистин курулушу жүрүп жатат. Мында жалпы жумушчуларынын саны 10 миңге жеткен ондогон ишканалар жайгашат. Бул долбоорлор инновациялар борборуна айланары жана кыргыз өндүрүмдөрүн сатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары күтүлүүдө.

Дегинкиси, тармактын өкүлдөрү белгилегендей,  РФ менен кызматташуу ата мекендик жеңил өнөр жайдын өсүшүн камсыздады. Көйгөйлөр дагы бар.

«2024-жыл оңой болгон. Биз РФга экспорттоодон абдан көз карандыбыз. Ал эми өткөн жылы алар товарларды маркировкалоо боюнча жаңы талаптарды киргизишти. Тагыраагы, талаптар баштагыдай, бирок мурда россиялык импорттоочулар аны кандайдыр бир жол менен айланып өтүшсө, эми талаптар күчөтүлгөндөй. Бул, албетте, биздин ишибизге таасирин тийгизди: кайсы бир жерде ташуулардын көлөмү кыскарды, кээ биринде жөнөтүүлөрдү таптакыр токтотуп турууга туура келди. Биздин тигүү тармагыбыз Россияга багытталган – буйрутмалардын болжол менен 90% дал ошол жактан келет. Бирок маркировкалоонун өзгөрүшү жана Россиядагы экономикалык кырдаал, анын ичинде рубль курсунун түшүшү биздин ишибизде олуттуу кыйынчылыктарды жаратты. Эгерде башта товарды чыгара берип, кошумча нарк салыгын (КНС) кийин төлөп коюу мүмкүн болсо, эми салыкты алдын ала төлөш керек. Бул чыгымдарды көбөйтүп, процессти жайлатууда», — дейт жеке менчик тигүү цехинин ээси Дмитрий Покатов.

Анын айтымында, кыргызстандык маркировкалоо россиялык талаптарга толук дал келбегендиктен дагы кыйынчылыктар болуп жатат.

“Биз зарыл болгон бардык документтерди берип жатабыз. Бирок бир катар техникалык дал келбөөчүлүктөр чыгууда. Алардан улам биздин товарларды дайыма эле кабыл ала беришпейт. Бул кырдаалдан чыгуунун жолун издеп жатабыз. Варианттардын бири – жаңы базарларга чыгуу. Мисалы, Казакстан жана Беларустан тапшырыктар бар. Бирок алардын көлөмү Россияга караганда аз. Албетте, дал ушул россиялык базарлар менен ишти жөнгө салсак болмок. Анктени алар биз үчүн негизги болуп саналат. Башкысы – маркировкалоо системасын алардын талаптарына ыңгайлаштыруу. Бул реалдуу, бирок убакытты жана ресурстарды талап кылат. Ошондой эле маркировкалоо маселесин чечкен күндө да рубль арзандап жатканын эске алуу маанилүү. Бул дагы биздин кардарларыбыздын сатып алуучулук жөндөмүнө таасирин тийгизүүдө”, — дейт ишкер.