«Эмгек» партиясынын талапкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп, анда инклюзия жана бардыгына тең укуктуулук маселелери талкууланды.
Иш-чаранын негизги спикери Венера Абдымалик кызы болду. Угуусу боюнча майыптыгы бар активист Кыргызстандын тарыхында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин койгон биринчи аял болуп калды.
Венера Абдымалик кызы жолугушууну ачып жатып, «Эмгек» партиясы тең мүмкүнчүлүктөр шаарын түзүүгө умтулуп жатканын, анда ар бир адам ден соолугунун абалына карабастан коомдук жайларды жана кызматтарды, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын эркин пайдалана ала тургандыгын баса белгиледи.
«Мен «Эмгек» партиясына БШКда биздин жалпы кызыкчылыктарыбызды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазымын. Бул мен үчүн чоң сыймык жана инклюзивдүүлүк жана бардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр партиянын негизги принциптери экендигинин белгиси», — деди ал.
Талапкер БШКнын депутаты катары аткарууну максат кылган өзүнүн пландары тууралуу айтып берди. Анын идеяларынын бири – музейлер тууралуу окуяларды айтып бере турган сурдокотормочу –интерактивдүү планшетти иштеп чыгуу. Бул угуусу начар адамдарга маданий чөйрөгө толук кандуу аралашып, маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.
«Муну менен гана чектелбейт. Ошондой эле угуусу начар адамдар дарыгерлер менен оңой байланышып, керектүү медициналык жардам ала алышы үчүн медициналык мекемелерде сурдокотормочуларды колдонууну өнүктүрүүнү сунуштайм. Мындан тышкары адамдарга сурдокотормочулар менен видео аркылуу – каалаган убакта жана каалаган жерде, анын ичинде милиция кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен баарлашууга мүмкүндүк берүүчү тиркемени киргизүү мүмкүнчүлүгүн көрүп турам. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын каалаган жерге коштоосуз баруусуна шарт түзүп, аларга ыңгайлуу жана жайлуу шарттарды түзө алабыз деп ишенем», — дейт Венера Абдымалик кызы.
«Эмгек» партиясынын төрагасы Токтосун Султанов да өз сөзүндө саясий бирикме жеткиликтүү чөйрө маселелерин чечүүгө жана өзгөчө муктаждыгы бар адамдардын укуктарын ишке ашырууга көңүл буруп жатканын белгиледи.
«Биздин партия дайыма мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын үгүт материалдарын чыгарат. Биз үчүн бул жөн гана кандайдыр бир үгүттөө иштерин жасоо эмес, биз сиздерди тынчсыздандырган көйгөйлөр тууралуу билгибиз келет. Башка жарандар колдонгон кызматтарды сиздер толугу менен колдонгонуңуздар биз үчүн маанилүү», — деди ал.
Токтосун Султанов ошондой эле Венера Абдымалик кызына кайраттуулугу жана чечкиндүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
«Ал токтогусу келбеген, көп нерсеге жетүүнү каалаган адам. Ал эми БШКга өтүп кетсе, биздин партия жеңип чыкса, анда Бишкек шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүчү бүтүндөй бир фракция пайда болот», — деп белгиледи ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоочулар талапкерлерге суроолорду активдүү берип жатышты. Билим берүү системасын өзгөртүү зарылдыгы тууралуу тема өзүнчө көтөрүлдү. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар башкалар менен бирдей шартта өз потенциалын өнүктүрүүсү жана ишке ашыруусу үчүн кесиптик жана жогорку билимге жетүүлөрүн жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.
Жолугушуу инклюзивдүүлүк жана жеткиликтүүлүк темасына жогорку кызыгууну көрсөттү, ошондой эле «Эмгек» партиясы ар бир адамдын пикирин угууга даярдыгын жана анын бардык тургундар үчүн адилеттүү жана ыңгайлуу шаарды түзүүгө умтуларын ырастады.
«Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жокоева Ж.Ж тарабынан төлөндү