Баткенде 17- март күнү иниси тарабынан өлтүрүлгөн Сайдимамат менен анын аялы Айнагүлдүн сөөгү жерге берилди. Күйөөсү 56, аялы 53 жашта экен. Канкор иниси адегенде барып эт саткан жердеги агасын сайып, анан анын үйүнө келип жеңесин сайган. Агасы ооруканадан жан берген. Алгачкы маалымат боюнча ага-ининин ортосунда жер талашкан чатагы бар экен. Көр дүйнө ушинтип бир тууганды өлтүртүп жатат! Канкор эптеп 8-классты бүткөндөн кийин окубай калыптыр. Учурда бүлөсү менен ажырашкан, эч жерде иштебеген неме экен.Өлгөндөрдүн артында беш баласы калыптыр.