Домой Дүйнөдө Индия Кытай менен болгон чек арасына 50 миңге жакын аскерин жайгаштырды

Индия Кытай менен болгон чек арасына 50 миңге жакын аскерин жайгаштырды

30

Акыркы айларда Индия Кытай менен болгон чек арасына 50 миңге жакын аскерин жайгаштырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Андагы маалыматта, Индиянын Коргоо министрлиги аскерлерин жана аба күчтөрүнүн бөлүктөрүн бир нече чек ара аймактарына жайгаштырган. Жалпысынан Кытай менен чек арада 200 миңге жакын индиялык аскер бар. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 40 пайызга көп.

Ошол эле учурда, Кытай Индия жана Гималай менен чек араны кайтарууга жооптуу кошумча күчтөрдү жөнөткөнү такталган. Мындан тышкары, Кытай чек арага жакын аймакка бункерлерди жана аэродромдорду куруп жатканы айтылды. Бирок, бул боюнча расмий комментарий азырынча жок.

Былтыр июнь айында Индиянын Ладакх провинциясындагы Кытай менен болгон чек арада эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алып, анын кесепетинен Индиянын 20 аскери каза болгондугу кабарланган. Өз кезегинде Бириккен улуттар уюму эки өлкөнү сабырдуу болууга чакырган.