Ырчы Индира Кабылбаева “Жумамүдүн Шералиев атындагы төш белги” менен сыйланды. Ал тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы барачасына жазып чыкты. “Бүгүн биз улуу залкар обончу атабыз Жумамүдүн Шералиев атындагы төш белги менен сыйландык. Кубанычтабыз! Фонддун жетекчиси Нарынгүл Шералиева эжеге тереӊ ыраазычылык билдиребиз!” – дейт ырчы айым.