Домой Саясат Илмияновдун «керемети»…

Илмияновдун «керемети»…

1627

Негизи ар кайсы бийликтин учурунда “серый кардинал” деген атка конгондор болорун танбайбыз. Маселен, Аскар Акаевдин убагында абдан таасирдүү фигура Аманбек Карыпкулов болгону ырас. Министрлер, губернаторлор анын кабинетине киргенден заарканып турчу. Дагы эмне балээни баштап жиберер экен деп. Андан көрө мамилеси жибектей жумшак Акаевге кирүү жагымдуу эле. Ал эми Осмонакун менен Бекболоттун анчалык таасири болбогон. Кээде гана элге жугумдуу эмес маселени чечкенге кетчү алардын дарамети. Ал эми Курманбек Бакиевдин учурунда уулу Максим менен иниси Жаныштыкындай таасир эч кимде жоктугун билгенбиз. Алардын бийлигине каршы турам деген тилектеги Медет Садыркуловдун болсо түбүнө жетип кутулушту. Аппарат башчы болгон Үсөн Сыдыковдун амири аркылуу жерди басып алуу операциясы ишке ашты. Анткени менен ошондо “бөлтүрүктөр” өсүп чыкты. Алар кимдер экенин жамы журт жакшы билет. Учурда алар өз алдынча саясатын жүргүзүп келет.

Алмазбек Атамбаевдин мезгилинде жанынан көлөкөдөй болуп кетпей ээрчип жүргөн Икрамжан Илмияновдун ооматы артты. Анын кабинетине кире албай жүргөн “элиталар” эми болсо колу менен рулду айдап ойсолоктоп, эч нерсе болбогондой келекелеп жүргөнү кайсы логикага сыят? Ооба, күн карама, кошоматты гана леп эттире илип алууга жөндөмдүү эпчилдердин тобу пайда болду. Алардын оту өчмөк тургай ак үйдүн ар кайсы кабаттарында түтүнү быкшып жаткан убагы. Кезинде Раим, Аскарбек, Икрамжан үчөө өтө ынак болгонун, түркүн маселени шефтин алдына келип тайманбай чечип жүргөнү боюнча уламыштар толтура. Антсе да бир дагы Илмияновдун жердеши аны жаманатты кылбады. Себеби, ал колунда токочу турганда далай өксүктөрдү толтуруп кадыр-баркын өйдөлөтүптүр. Мындай эмгек өтөгөндөрдү ким эле тепселеп, атын булгагысы келсин? Башка мурдагы шылуундар капыстан камалса кезинде көмөгүн көрүп жүргөндөр, ал тургай туугандары жемелеп жетер жерине жеткирип коюшат. Бул адамдагы абдан жаман сапат экенин билишсе да көр турмуштун курмандыгы болуп берүүгө умтулгандардан уучубуз кур эмес.

Жети жыл бою “Форумдун” эң төрүндө отуруп алып маанилүү маселелерди биринчи адам менен акылга салган Икрамжан мырзанын үч жыл мурдагы президенттик шайлоодогу ролу төө көтөргүс болгону жашыруун эместир? Ушул “ойчулдун” арифметикалык эсептеринин аракети менен СДПК ири утушка жеткен. Так ошол жооптуу мезгилде жүгүрүп келип, жүгүнүп чыгып жүргөн эргулдардын айрымдары бүгүн“сары ооз” партиялардын башына келишти. Азыр тактыда отурган ажо Сооронбай Жээнбековдун кыргыз элинин падышасы болуусуна Алмазбек Атамбаевден кийинки эле орунда камактагы Икрамжан Илмияновдун салымы бар десек кана ким каршы болот? Эч ким. Ошондуктан болбогон күнөө аркылуу тайгалатып жыгышып (150 доллар үчүн) жети жылга камалганы жөн эле көздү жазгырмай деген кептин чындыгы бар. Арийне, минтип түрмөгө киргизип салдык деген көрүнүштүн артында сырдуу табышмак жатканы акылгөй адамга маалым. Карапайым шопурдуктан өлкөдө үлкөн саясий фигурага айланган бул кишинин “таржымалы” тарых бүктөмдөрүндө каалабасак деле калды. Мында талаш болбойт. Тапкан-ташыганын лидердин колуна сала коюп мандат алгандар мындай кепке алынбастан шырылдап эле өтүп кетет.

Бөтөнчө “кереметке” чулганган Икрамжан мырзанын дале болсо таасири бар. Ошол үчүн төрт маал каалаган азыгын буйрутма кылуу менен жеп, өзгөчө камкордукка алынып, “кыйындар” тарабынан сөзгө илинбей жашоосун мурдунан кыңылдап коюп өткөрүүдө. Өз убагында анын талдоосу менен күч түзүмдөрүнүн чоңдору чыпкаланып өткөрүлгөнүн деле кеп кылышканы бекерден болбосо керек. Ал жүздөгөн кадрларды жумшак креслого отургузууга татыктуу болгон. Эптеп келе калгандар аттан ооп калса, ишин жөндөп кеткендер азыр дагын катардан чыкпай кызматын жасоодо. Ошондуктан “көмүскө” бизнеси ишеничтүү адамдар тараптан ырааттуу жүргүзүлүп, долясы тийиштүү жакындарына чыпчыргасы коробой, кечиктирилбей берилгени ырас. Колуна камчы тийген беш жылда мынчалык дөөлөткө ээ болуу башкалардын колунан келбейт. Ал үчүн саясий абалды талдаганга жарактуу ой жүгүртүү, сааттай иштеген мээ талап кылынат. Мезгилге шайкеш кыймыл-аракет жасоого чамасы жеткендер гана кыска убакытта ченемсиз шарттарды багындыра алат. Муну Илмиянов тастыктап берди. Ошондой касиеттерин жакындан байкаганы үчүн А. Атамбаев шопуруна дем берген окшобойбу. Керек болсо генералдар, сатылбаган жарма-достор, үкалар, жээндер, өкүл балдар “капаста” отурган үлкөнүнө салам дубайын кеңири түрдө жөнөтүп жатат деп баяныбызга чекит коелу.

Булак: “Ачык сөз” гезити