Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 23-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун ишин кароо улантылып жатат.
Анда Илмиянов көрсөтмө берип, ага айыптар жасалма коюлганын, ошондуктан күнөөсүн мойнуна албай турганын айтты. Ал ошондой эле Орусияда иштери менен жүрүп Кыргызстанда өзүнө иш козголгонун угуп, өлкөгө кайтып келгенин билдирди. Илмиянов аны эч ким кармап келбегенин, Бишкекке келгенден кийин гана кармалганын кошумчалады.
«Шоопур» деген каймана ат менен элге таанылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кабарлаган.
Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Анын соту утуру жылып келе жаткан.
Булак: Азаттык