Домой Саясат Илдар Акбутин: Жашоону бала тѳрѳлгѳндѳн эмес, ага чейин пландоо керек

Илдар Акбутин: Жашоону бала тѳрѳлгѳндѳн эмес, ага чейин пландоо керек

52

Жумушсуздук, айлык акынын аздыгы көпчүлүк жубайларды өлкөдөн сырткары иш издөөгө аргасыз кылууда.

Айрым ата-энелер балдарын чоң ата-чоң энесине аманат кылса, айрымдар алыскы таанышына деле табыштап иш издеп кеткени жашыруун эмес. Миграция маселесинде баарынан көп бала жабыр тартат. Энесинен алыста жүргөн баланын аң-сезимине кандай сокку болорун психолог Илдар Акбутин айтып берди.

— Сизге бул маселе боюнча кайрылган ата-энелер көп болсо керек?

— Өткөндө бир айым кайрылды. Кызын төрт жашынан баштап апасына таштап Түркияга бала багуучу болуп иштеп кетиптир. Ал кыз азыр 14 жашка чыгып апасы экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болуп атыптыр. Апасы ыйлап: “Мен ал үчүн үй бетин көрбөй чет мамлекетте иштеп жүрдүм. Кийимдин, телефондун кымбатын сатып берчүмүн. Жакшы окуу жайга тапшырсын деп акчасын камдап койгом”,- дейт. Айтымында, кызы мурда жакшы окучу экен. Азыр чылым чегип, сабагын таштап, түн катып үйүнө келбей жатыптыр. Кызы менен маектешип көрдүм. Кызы болсо: “Мага акчанын кереги жок эле, көптөгөн олимпиадаларда, мелдештерде жакшы ийгиликтерди жараттым. Ошол учурда апамдын жанымда болуп мени кубаттап турушун каалагам”,- дейт. Мындан улам балага биринчи кезекте акча, кийим эмес, мээрим керек деген жыйынтык чыгарсак болот.

— Баланы алып калган туугандарга деле оңой эмес да. Баланын аң-сезимине доо кетирбөө үчүн аларга кандай кеңеш бересиз?

— Мен түшүнөм, насыя алып кутула албай, айласы кеткенде чет жакка жөнөшөт. Бирок бүт эле сызга отуруп калып иштеп кетип жатышкан жери жок. Көбү колунда барга шүгүр кылбай көп акча каалап кетип атышат, ошол эле учурда акча үчүн наристенин бактылуу балалыгын, анын келечегин курмандыкка чалып атышат. Көп учурда баланы тууганына түртө салып эле кетип атышат. Мындайча айтканда, кутулгуча шашкандай да. Эгер баланы таштап кетип жатканда расмий кат жазып, камкордугун жакын тууганына тапшырып кетишкенде башкача болмок. Анда баланы алып калган адам да мыйзам алдында жоопкерчилик тартмак. Балдар азыркыдай болуп сабалып, кордолмок эмес. Ал эми кеңеш айта турган болсом, балага энесиндей мээрим төгө албаса да аяр мамиле жасаганы туура. Бир аз баланын көңүлүн карап, анын каалоосун эске алуу керек.

— Чет жакка кетип жатканда баланын аң-сезимине доо кетирбөө үчүн алдын ала даярдоо мүмкүнбү?

— Бала жөнүндө аны жараткандан кийин эмес, ага чейин кам көрүү керек. “Сен чоң атаңдар менен жашап тур, биз сага иштеп муну алып келебиз” деп даярдоо дээрлик мүмкүн эмес. Таштап кетип атканын сезген баланы коркуу сезими бийлейт. Кадимкидей стресс болот. Ыйлайт, кусалыктан ооруйт. Мындай сезимди бала эмес, чоң киши араң көтөрөт десем болот.

— Баланы таштап иштегени кеткен ата-энеге кандай кеңеш бере аласыз?

— Бүгүнкү күндө болжол менен 800 миң адам чет жакта иштеп жүрөт. Эгер ар бир жуптун 1 эле баласы болсо, ошондо учурда 400 миң бала эне-атасыз өсүп жатат. Менден кеңеш сурап: Балам чалсам сүйлөбөй жатат, ыйлап басылбай жатат эмне кылам?”- дешет. Кеткен бойдон узак убакыт жок болуп кетпеңиз. Жок дегенде эки айда бир келип туруңуз. Бала канчалык кичине болсо ошончолук тез келип турсаңыз жакшы болот дейм. Андайда: “Менин максатым акча таап, бутка туруу болуп жатса эки айда бир кантип келем?”- дешет. Анда ошол жактан эбин таап баланы жаныңызга алып кетиңиз дегенден бөлөк айтарым жок. Себеби бала менен ортодогу жарака чоңойгон сайын кийин ошончолук оор болот. Көп акча таап байып келүүңүз мүмкүн. Бирок эне-баланын ортосундагы мээримди, сүйүүнү эч качан толтура албайсыз. Жогоруда мен айткан мисалдай болот. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай, айрым балдар менен пикирлешсең: “Атам менен апам келсе баары жакшы болот эле”,- деп умсунушат. Ал учурда ата-энеси чет жактан эбак ажырашып бири күйөөгө тийип, экинчиси аял алып алган болот. Андай өзгөрүүдөн кабары жок бала ата-энеси келсе баары мурдагыдай болот деп үмүттөнүп жүргөн болот.

Анара Дүйшөналиева