— Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Соттун бул чечими туура эле болдубу?
— Биринчи Май райондук сотунун чечими менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышында эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Анткени, ага олуттуу күнөө коюлуп, көрсөтмө берген конкреттүү адамдар бар.
Текебаевге “алдамчылык” жана “коррупция” беренеси менен айып тагылууда. Бул өтө оор кылмыштардын катарына кирет. Жогоруда айтканымдай, конкреттүү адамдар азыр көрсөтмө берип жатат. Андыктан баары мыйзам чегинде болушу керек.
— Митингге чыгып “Текебаевге боштондук” деп кыйкырып, жол тосуп жаткандарга кандай чара көрсөк болот?
— Митингге чыккандар 200-300 адам экен. Саясатчыны туугандары, достору, тааныштары колдоп жатат. Акча берип чыгарып жатышы да мүмкүн. Ал эми жол тоскон мыйзамсыз аракет. Муну менен башкалардын укугун тебелеп жатат. Мындай жолго баргандарды мыйзамдын негизинде жазага тартыш керек. Бизде укук коргоо органдары буга көз жумуп жатат. Жок дегенде аларды административдик жоопкерчиликке тартуу керек. Жол тосуп, же соттун имаратынын жанында ызы-чуу салгандарга протокол түзүп, мыйзам чегинде катуу жазалаш керек.