Домой Саясат ИИМДИН БАШЧЫСЫ ЖАҢЖАЛ ТУУРАЛУУ ҮН КАКТЫ

ИИМДИН БАШЧЫСЫ ЖАҢЖАЛ ТУУРАЛУУ ҮН КАКТЫ

28

Кыргыз тилиндеги сайттардын бирине ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын начальниги Нурбек Абдиев менен министр Кашкар Жунушалиевдин ортосунда интрига болду дегени эч кандай чындыкка дал келбейт. Ал жерде айтылгандардын бардыгын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын начальниги Нурбек Абдиев четке кагып, чындыкка дал келбеген маалымат жарыялангандыгын баса белгиледи. Нурбек Абдиев кыска мөөнөттүү эс алууга үй бүлөлүк шартына байланыштуу эки күнгө барып келди. Бүгүнкү учурда ал өзүнүн иш бөлмөсүндө жылды жыйынтыктоо багытында иштерине баш оту менен кирип иштеп жаткан кези.

ИИМдин Басма Сөз кызматы